00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Без салютов и петард: почему кыргызстанцев просят отказаться от пиротехники
08:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кунарсыз жерлерди калыбына келтирүү долбоору — мигранттар үчүн ийгиликтүү боло алабы?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Улуттук академиялык драма театрынын чыгармачылык саясаты жана өнүгүү багыттары
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБдин эркин экономикалык зонасы. Ири экономикалуу өлкөлөрдү эмнеси менен өзүнө тартат?
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Тоолуктардын ден соолугун бөлүп изилдеген институт 70 жыл мурда эле түзүлгөн
19:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Казакстандагы жапырт мушташ эмнеден чыкканын ИИМ түшүндүрүп берди

© AP Photo / Vladimir VoroninСотрудники правоохранительных органов Казахстана стоят на страже после беспорядков в приграничных селах Казахстана. 8 февраля 2020 года
Сотрудники правоохранительных органов Казахстана стоят на страже после беспорядков в приграничных селах Казахстана. 8 февраля 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басарынын айтымында, Казакстандын башка аймактарынан интернет аркылуу билдирүүлөрдү жиберген чагымчылдар табылган. Алардын арасында жалаң эле жаштар эмес, жашы өйдөлөп калгандар да бар.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районундагы жапырт мушташ жолдогу чатактан улам чыккан. Бул туурасында Sputnik Казакстан аталган өлкөнүн ички иштер министринин орун басары Алексей Калайчидиге таянып кабарлады.

"5-февралда чатак жол талаштан улам болгон. Үч автоунаа кетип бара жаткан, дагы үчөө жүк ташуучу автокөлүк менен үйүнөн жаңы гана чыккан экен. Чырга алардын бири-бирине жол бербей койгону себеп болгон. Анын кесепетинен айтышып, андан соң мушташып кетишкен", — деди Калайчиди.

Чатак боюнча маалымат социалдык тармакка тарап, жаштардын арасында кызуу кандуулукту жаратып, андан соң жапырт мушташка айланган.

Министрдин орун басарынын айтымында, Казакстандын башка аймактарынан интернет аркылуу билдирүүлөрдү жиберген чагымчылдар табылган. Алардын арасында жалаң эле жаштар эмес, жашы өйдөлөп калгандар да бар.

"Алар урушту көргөн да эмес. Өздөрүнүн божомолу менен ой жүгүртүп, социалдык тармакка коюш керек деген ойго жетеленген. Анын кесепети ушундай абалга алып келди", — деген ИИМдин орун басар министри.

Ал учурда ведомство чагымчыл маалыматтарды кимдер тараткандыгын иликтөө уланып жаткандыгын кошумчалады.

Окуянын чоо-жайы

Эске салсак, 7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери ал окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзгөн.

Беспорядки в приграничном селе Масанчи - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда Масанчи жана Сортөбе айылдары мушташтан кийин бош калды. Сүрөт
Ошол эле күнү Жамбыл облусунун Сортөбе айылында эки жаран автоунаасы менен полициядан качып барып өз үйүнүн алдынан колго түшкөн. Алар погончондорго баш ийбей, окуя болгон жерге алардын жакындары чогулуп тартип сакчыларына кол көтөрүп, кызматтык автоунаасына таш ыргыткан.

Аталган мушташтан бир нече адам каза тапкан.

Ал күндөрү Кордай тараптан Кыргызстанга чек арадан балдар, аялдар, улгайганар өтүп, алардын бир нечеси Токмоктогу ооруканага жаткырылган.

9-февралда Казакстандын вице-министри келип Токмокто жаткан бейтаптарды алып кеткен.

Кордайдагы окуя тартип коргоо органдарынын көзөмөлүнө алынып, окуянын кесепетин жоюу жана анын кантип чыкканын аныктоо максатында Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары Бердибек Сапарбаев башында турган өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Кийинчерээк Казакстандын Ички иштер министрлигинен Кордай районунун Масанчи айылындагы башаламандык кандай башталгандыгын айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0