ИИМ башчысы: Кой-Таштагы окуя боюнча 53 берене менен иш козголгон

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку
Презентация пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Кой-Таштагы окуялардан кийин Алмазбек Атамбаевге таандык деген сегиз курал алынганын кошумчалады.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча жалпысынан Кылмыш-жаза кодексинин 53 беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Парламент бүгүнкү жыйынында 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун карады.

Министрдин айтымында, козголгон кылмыш иштеринин ичинен эң оорлору — киши өлтүрүү, бийликти күч менен басып алуу аракети, массалык башаламандык, кишилерди барымтага алуу.

"Бул боюнча бардык шектүүлөр бар, тергөө амалдары жүрүп жатат", — деди Жунушалиев.

Министр Кой-Таштагы окуялардан кийин Атамбаевге таандык деген сегиз курал алынганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0