00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, чек арачы жаракат алды

Жазылуу
Чек ара кызматынан кабарлашкандай, тажик тараптан эки ирет ок чыккан.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында кайтадан ок атылды. Бул тууралуу КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, тажик тараптан эки ирет ок атылып, чек арачылардын бирөө жаракат алган.

"Исфара — Ворух автотрассасындагы кыймыл токтоду. Андан сырткары, Тажикстан жарандары Исфана — Баткен жолун тороп алышты. Бүгүн эки тараптын чек ара ведомстволорунун жетекчилери жолугуп, сүйлөшүүсү пландалууда",  — деп айтылат маалыматта.

Чек арадагы чек ара тозоту күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн.

"Чек ара кызматынын төрагасы, Баткен облусунун жетекчиси калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда тажик тараптан Кыргызстандын жарандарын көздөй эки ирет ок атылган. Анын кесепетинен чек ара кызматынын бир өкүлү жаракат алды", — деп айтылат маалыматта.

Нападение на прохожих в Сургуте - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: 14 кыргызстандык жабыркады
Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупованын айтымында, саат 13:30дар чамасында Исфана — Ош унаа жолунун 272-чакырымы (Жака-Өрүк участкасы) Тажикстандын чек ара кызматкерлери тарабынан жабылды.

Маалыматка ылайык, тажикстандык чек арачылар тарабынан Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Орто-Боз айылында тосулган жол Лейлек району жана Сүлүктү шаарына өтүүчү жалгыз жол болуп эсептелет. Учурда Лейлек тараптан Ошту көздөй келе жаткан унаалар жол жабылгандыктан өтө албай турат.

Баткен облустук администрациясынын маалымат катчысы Чолпон Бердикулова кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча учурда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун губернатору Раджоббой Ахмодзода сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн кабарлады.

"Чек арадагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча биргеликте иш алып барып жатышат. Мадумаров азыркы тапта тажик тарабынан жабылган Орто-Боз айылындагы жолду ачуу үчүн жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", — деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 22-июлда, Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушкан. Ал эми ага аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда тараптардын бири ок чыгарган. Мамлекеттик чек ара кызматы окту жай тургундар деле чыгарышы ыктымалдыгын айтууда. Анткени мергенчинин мылтыгы атылган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0