Милиция мушташка катышкан айрым кишилерди кармады.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылында мушташ болуп, учурда окуя болгон жерге Сокулук РИИБдин милиция кызматкерлери тартылганын кабарчыбыз жеринен билдирди.
Окуянын калган катышуучуларын издөө иштери жүрүп жатат.
Милиция кызматкерлеринин айтымында, айылда айт намазынан кийин жигиттер мушташа кетип, 10дой киши кармалган. Окуянын калган катышуучуларын издөө иштери жүрүп жатат. Мушташ чыккан айылда Чүй ОИИБдин жетекчилиги менен ички иштер министринин орун басары да жүрөт. Жыйылган чөп өрттөнгөн.
Учурда чыр эмнеден чыкканы такталып жатат.
Одна из сторон конфликта в Ороке подожгла сеновалы — видео с места