Кара-Сууда 61 жаштагы кишини кагып өлтүрүп алган айдоочу изделүүдө

Жазылуу
Окуя 29-март күнү саат 20.00дөр чамасында Ош шаарын айланып өтүүчү унаа жолдун 14-чакырымында болгон.

ОШ, 31-мар. — Sputnik. Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү Мачак айылында жөө адамды унаа менен сүзүп өлтүрүп алган айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Анын айтымында, окуя 29-март күнү саат 20.00дөр чамасында Ош шаарын айланып өтүүчү унаа жолдун 14-чакырымында болгон.

"Жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон жаран Кара-Суу районунун 61 жаштагы тургуну экендиги аныкталды. Ал Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болгон", — деди Теңизбаев.

Бул факты боюнча учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0