Тушение  крупного пожара на западе Бишкека - Sputnik Кыргызстан

Бишкектин батышындагы ири өрт. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Бишкектин батыш бөлүгүндө ири өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча автоунаа жана үйлөр күйүп жатат. Уюлгуган кара түтүндү көрүүгө болот.

Кырсык болгон жерде ушу тапта беш өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
16:45 15.03.2019

Чыккан өрт саат 15.42де өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди. Министрликтин тактап берген маалыматы боюнча өрт Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан. Анын кесепетинен үч турак үй, бир КамАЗ жана бир контейнер күйдү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор болгон жок. Ушу тапта өрттүн себеби такталууда.

13:31 15.03.2019

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча Архангельск көчөсүндө (Костонай жана Садыгалиев эмес) жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 12:06да түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, Штаб жана саат 12:30да ӨКМдин Кризистик кырдалдарды башкаруу борборуна ыкчам тобу тартылган. Мындан сырткары ,жерине ИИМ, РЭТ кызматкерлери жана "Тазалык" ишканасынан суу ташуучу унаалары тартылган.

Өрттүн кесепетинен 1 турак жайдын бөлүгү, 2 турак жайдын чатыры, 1 оор жүк ташуучу унаа толугу менен, контейнер толугу менен күйгөн. Өрт саат 13:18 чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүү иштери уланууда. Алдын ала маалымат боюнча каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

13:28 15.03.2019

Кырсык болгон жерге жүргөн кабарчылар күбөлөрдүн айтканына таянып, өрттүн болжолдуу себептерин айтып беришти. Ага ылайык, күйүп кеткен унаанын ичинде күйүүчү май бар экени айтылды. Андан өрт тутанып, цистерналар жарыла баштаган. Андан турак үйдүн бириндеги май сакталган контейнер күйүп, там толугу менен өрттөнүп кеткен да жанындагы эки үйгө жабышкан.

13:17 15.03.2019

Ыкчам медицина борборунун өкүлү Егор Борисов өрт чыккан жерде жабыркагандар жок экенин билдирди.

13:14 15.03.2019

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы кырсык болгон жерден видеотрансляция жүргүзүүдө.

13:13 15.03.2019

Биринчи өрт чыккан жерде жол кыймылын милиция кызматкерлери тескеп жатат.

13:10 15.03.2019

ӨКМдин дагы бир маалыматы боюнча окуя болгон жерге жакын аймакта, башкача айтканда Жамгырчинов көчөсүндө жайгашкан үйдөн экинчи өрт чыккан. Маалымат 12.46да ӨКМге түшкөн. Ал жакка үч бөлүм тартылды.

13:08 15.03.2019

Өрт өчүрүлө элек. Кырсык болгон жерде Тез жардам кызматкерлери, милиция жана ӨКМдин адистери жүрөт. Ары-бери өткөн элди четке чыгаруу аракеттери жүрүп жатат.

13:07 15.03.2019

Кырсыктан жабыркагандардын бар-жогу азырынча белгисиз.

13:02 15.03.2019

Күбөлөрдүн айтымында, күйгөн жүк ташуучу унаанын дээрлик эч нерсеси калбай калган.

13:00 15.03.2019
12:59 15.03.2019
12:51 15.03.2019
12:46 15.03.2019

Өрт "Кудайберген" базарынын жанынан чыкканы маалым.

12:45 15.03.2019

Күбөлөр жүк ташуучу унаанын күйүп жатканын айтышты.

Кырсык болгон жердин көчөлөрүндө автотыгын жаралганы белгилүү болду.

12:42 15.03.2019

ӨКМдин алдын ала берген маалыматы боюнча Костанай менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үй өрттөнүп жатат. Азырынча бул маалымат так эмес. 

Күбөлөрдүн айтымында, жолдун боюн кызыл жалын каптап, уюлгуган кара түтүн тарап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0