БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Чаткал районуна жүк ташуучу автоунаачан келген 30 жаштагы жигит жергиликтүү 25 жаштагы мас кишинин огунан каза болду. Бул туурасында Жалал-Абал облустук милициядан кабарлашты.
30 жаштагы К.У. Ала-Букадагы райондук ооруканага алып бара жаткан жолдо көз жумган. Ал эми аткан киши ошол жерден изин жашырган.
Ок чыгарган киши — BMW автоунаасынын ээси, Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын тургуну экени маалым болгон.
Окуядан кийин кырсык болгон жерге Чаткал жана Ала-Бука райондорунун милиция кызматкерлери барып, ок чыгарган кишинин ким экендигин аныктаган. Ал бир нече сааттан кийин кармалган.
"Окуя боюнча Кылмыш кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголду. Кармалган киши мас экендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Ок чыгарган киши Чаткал райондук милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Маалыматта жүк ташуучу автонунааны айдап барган жигит Өзгөн районунун тургуну экендиги айтылган.