БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл округундагы Арка-2 айылында жергиликтүү кеңештин депутаты, 32 жаштагы Кубаныч Баяновду белгисиз адамдар атып кетти. Бул тууралуу Баткен ОИИБден маалымдашты.
Билдирмеге караганда, окуя 6-ноябрга караган түнү депутаттын үйүндө болгон. Кылмышкерлер ок чыгарып, из сууткан.
Жарадар болгон эл өкүлү Тажикстандагы Гафуров шаарындагы ооруканага жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренесинин (өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда кылмышкерлер изделип жатат.