Сания Шакированын өмүрүнө забын болгон айдоочу 10 жылга жатак абагына кесилди

© AP Photo / Jessica HillСессия в Капитолии
Сессия в Капитолии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун апасы Насиба Мамбеталиева соттун акыркы чечимине канааттанганын билдирди.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. "Дүйнө сулуусу" наамынын ээси Сания Шакирова каза болгон кырсыкка себепкер машинанын айдоочусу 31 жаштагы Чыңгыз Кондурбаев Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен 10 жылга жатак абагына кесилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жабыркаган тараптын жактоочусу Рустам Абдурауфов кабарлады.

Миссис мира — 2018 Сания Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Сания Шакированын апасы Насипа: неберем энесин издеп ыйлап жатат
Эске салсак, 3-июндун түнүндө Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында айдоочу рулду башкара албай калып автоунаа мүрзөнү барып сүзгөн. Натыйжада жүргүнчүсү Сания Шакирова каза болгон

Айдоочунун кырсык болгон учурда мас экени аныкталып, эки айга камакка алынган

Ал эми Ички иштер министрлиги унаанын айдоочусу ИИМдин Атайылаштырылган коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча мурдагы жетекчиси Азрет Кондубаевдин уулу экенин да тастыктаган

Жактоочунун айтымында, бүгүн бул иш боюнча акыркы соттук жараян өттү.

"10 жыл бул жакшы эле убакыт. Мындан сырткары, сот "Чыңгыз Кондурбаев Саниянын апасына эки миллион сом компенсация төлөп берсин" деген чечим чыгарды. Ошондой эле соттолгон адам үч жылга чейин унаа айдоо укугунан ажыратылды", — деди Абдурауфов.

Дүйнөнүн сулуу айымы — 2018 наамынын ээси Сания Шакирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карыбайм, балдарымды чоңойтом! Бейажал кеткен Сания Шакирова тууралуу 7 факты
Белгилей кетсек, Шакированын артында үч баласы калды. Алгач айыпталуучуга төрт миллион сомдук доо артылган болчу

Жабыркаган тараптын жактоочусу буга чейин Кондурбаев ичип алып рулга отургандыгын сотто моюндаганын айткан. Ошондой эле ал төрт миллион сомду төлөөдөн баш тартып, бирок Шакированын балдарын карап турууга макул экенин билдиргенин кошумчалаган. 

Ал эми Сания Шакированын апасы Насиба Мамбеталиева соттун акыркы чечимине канааттанганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0