05:11 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Жаш бала. Архивдик сүрөт

Прокуратура: Чүйдүн интернатындагы балдар чет элдиктерге мыйзамсыз берилген

© AFP 2019 / LOIC VENANCE
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
107 0 0

Тергөөнүн версиясы боюнча балдарды багып алуу үчүн кезекте кыргызстандык үй-бүлө турган. Бирок алар мыйзамсыз түрдө чет элдиктерге берилип кеткен.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Башкы прокуратура Чүй облустук интернат мектебинин тарбиялануучулары чет элдик жарандарга мыйзамсыз негизде берилип кеткени боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу көзөмөл органынан маалымдашты.

Прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте билим берүү мекемесин текшерүүгө алган. Анын негизинде үстүбүздөгү жылдын 6-январында 9 жана 11 жаштагы балдар уруксат берүүчү документтери жок эле чет элдик жарандарга берилип кеткени аныкталган.

"Денесине жана психикалык жактан залака келтирилиши мүмкүндүгүнө карабастан балдар тарбиячылардын көзөмөлүсүз Бишкектеги мейманканалардын биринде бейтааныш чет элдик жарандар менен чогуу жашаган", — деп айтылат маалыматта.

Көзөмөл органынан билдиришкендей, балдарды багып алууга кыргызстандык үй-бүлө кезекте турган. Бирок балдар башкаларга берилип кеткенде алар Жогорку Кеңештин депутатына кайрылышкан. Кийин маалымат ЖМКларга тарап кеткен.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Тема боюнча

Депутаттар жетимдерге мурунку кызматтык батирлерин берүүнү сунуштоодо
Наристе жытына зармын! Кыргызстанда бала багып алуунун түйшүгү канчалык?
Балдар кор болбосун! Сокулукта 24 бала асыраган өзгөчө үй-бүлөнүн турмушу
Белгилер:
факты, кылмыш, прокуратура

ЭҢ МААНИЛҮҮ