Баткенге баратып кыймылдаткычы күйүп кеткен учактын ичиндеги чуру-чуу. Видео

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүУчак пилоттору. Архив
Учак пилоттору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-март күнү Бишкектен Баткенге сапар алган учак авариялык абалга кабылып, орто жолдон кайра келген.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанованын айтымында, Tez Jet авиакомпаниясынын учагы борбордук аэропорттон 14:22де учуп чыгып, орто жолдон сол кыймылдаткычы иштебей калгандыктан учкучтар кайра келүүгө уруксат сурашкан.

​Аба кемеси 14:52де аман-эсен конуп, ичиндеги 96 жүргүнчү жабыркаган эмес.

Канча учак менен каякка бара алабыз? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан учакка отуруп кайсы шаарларга түз жетсе болот
Ал эми учактын ичинен жүргүнчүлөр сынып калган кыймылдаткычты видеого тартып алышкан. Анда ары жактан ыйлап, Кудайдан аман жетип алууну тиленип жаткан үндөрдү угууга болот. Учак жерге конгондон кийин эркек бала кубанычтан ыйлап да жиберген.

Маалыматтар боюнча кырдаалды текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Былтыркы жылдын апрель айында да аталган авиакомпаниянын Бишкек — Ош каттамындагы учагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кайра "Манас" аба бекетине конууга аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0