Ош базарынын жанындагы көпүрөдөн кулаган адам ошол жерден жан берди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуянын чоо-жайы азырынча ачыктала элек

БИШКЕК, 9-сент. — Sputnik. Ош базарынын жанындагы көпүрөдөн бир адам сууга кулап каза тапкандыгы жөнүндө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек шаарынын Ленин райондун ИИБинен билдиришти. 

Окуянын чоо-жайы азырынча ачыктала элек. Болгону окуя саат 18.30 менен 19.30дун ортосунда Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгону айтылды. 

Жеринде тез жардам жана милиция кызматкерлери иштешкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0