БИШКЕК, 9-сент. — Sputnik. Ош базарынын жанындагы көпүрөдөн бир адам сууга кулап каза тапкандыгы жөнүндө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек шаарынын Ленин райондун ИИБинен билдиришти.
Окуянын чоо-жайы азырынча ачыктала элек. Болгону окуя саат 18.30 менен 19.30дун ортосунда Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгону айтылды.
Жеринде тез жардам жана милиция кызматкерлери иштешкен.