Арча-Бешикте жаш кыздын өмүрүн алган авариянын күнөөкөрү аныкталды

© Фото / пресс-служба УПМ ГУВД БишкекаДТП в столичном жилмассиве "Арча Бешик"
ДТП в столичном жилмассиве Арча Бешик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Арча-Бешик жаңы конушунда адам өмүрүн алган жол кырсыгына Volkswagen Transporter үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу күнөөлү экенин милиция аныктады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 8-августта болжол менен саат 9:40тар чамасында №202 маршрутканы Volkswagen Transporter үлгүсүндөгү автоунаа бурулуштан капталга сүзүп, 19 жаштагы кыз каза болгон. Дагы 11 киши түрдүү жаракаттарды алган.

"Бүгүн Volkswagen атвоунаасынын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жол эрежесин бузуу боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Айдоочу эмне себептен жол чыракка карабай өтүп кеткенин тергөө аныктайт.

Маршруттук таксилер аралашкан үрөй учурган кырсыктарды Sputnik Кыргызстан>>

Жаңылыктар түрмөгү
0