Маршрутка менен эмнелер гана кагышкан жок... Үрөй учурган кырсыктардын тизмеги

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБайтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка ала салган. Архив
Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка ала салган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маршруттук таксилер аралашкан жол кырсыктар чогулду.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. 2017-жыл жаңыргандан бери Кыргызстанда жол кырсыктарынан 349 киши каза тапса, алардын 20сы балдар болду. Sputnik Кыргызстан агенттиги ИИМдин Жол кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы менен биргеликте жол кырсыгынан каза болгондордун эсебин тактоодо.

Бул материалда маршруттук таксилер аралашкан үрөй учурган кырсыктарды чогулттук.

8-августта Бишкектеги "Арча-Бешик" жаңы конушунда Volkswagen Transporter үлгүсүндөгү автоунаа Mercedes Benz Sprinter маршруткасы менен кагышкан. Анын кесепетинен 19 жаштагы кыз каза болуп, 20дай киши түрдүү жаракаттарды алган.

Апрель айынын ортосунда Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка ала салган. Кызыл жарыкка карабай жолдон өтүп кеткен айдоочу рулду башкара албай калган. Ал ушунчалык катуу келе жаткандыктан 50 метрдей жерге сүрүлүп барган. Бактыга жараша, каза тапкандар болгон эмес. Бирок жети киши түрдүү жаракаттарды алган. Тергөө учурунда айдоочунун күнөөсү далилденип, ал иштеген "Мейкин" ЖЧКсынын лицензиясы алынган.

Май айынын аягында Бишкектеги Ден Сяопин менен Мессарош көчөлөрүнүн кесилишинен маршруттук такси кызды коюп кетип, ал каза болгон. Кыз болгону 20 жашта эле…

© Фото / Мирлан ОрозбаевПетровка айылында маршрутка менен поезд кагышты
Поезд протаранил микроавтобус в селе Петровка - Sputnik Кыргызстан
Петровка айылында маршрутка менен поезд кагышты

Июнь айынын башында Кара-Балта шаары менен Беловодское айылынын ортосунда поезд менен маршрутка кагышкан. Бактыга жараша, маршрутканын ичинде жүргүнчү эмес, дөңгөлөк болгон. Айдоочунун мээси чайкалган деген божомол болгону менен ал ооруканага жатуудан баш тарткан. Аныктай келгенде ал Оштон Бишкекке келе жаткан унаа болуп чыкты.

© © фото очевидца Калима Тазабекова, отправленное по Whats App-каналуАялдаманы сүзүп токтогон маршрутка. Бактыга жараша анын ичинде жүргүнчү болгон эмес
Микроавтобус влетел на остановку в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Аялдаманы сүзүп токтогон маршрутка. Бактыга жараша анын ичинде жүргүнчү болгон эмес

Июндун акырында жүргүнчү ташыган микроавтобус аялдаманы сүздү. Кудай жалгап, ичинде эч ким болгон эмес. Милициянын алдын ала берген маалыматына ылайык, айдоочу мас болуп рулга отурган.

Июнь айынын аягында Түштүк магистраль менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган кичи автобус менен жеңил унаа кагышкан. Сүзүшкөн соң маршрутка каршы тилкеге чыгып кеткен. Жол кырсыгынан жабыр тарткандардын бар-жогу айтылган эмес.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу№225 маршрутка менен №199 маршруткалар жол кырсыгына кабылды
Две маршрутки столкнулись в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
№225 маршрутка менен №199 маршруткалар жол кырсыгына кабылды

Июль айынын ортосунда Ахунбаев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде эки маршрутка кагышкан. Маалыматка караганда, №225 маршруттун айдоочусу №199 маршрутканы ашып өтөм деп аракет кылганда артынан сүзүп алган. Соккудан улам бир киши эсин жоготкон. Окуяга күбө болгондор Тез жардам менен милицияны чакырган.

Ош — Исфана трассасында Sprinter Mercedes Benz машинасы катуу ылдамдыкта баратып жүк ташуучу MAN автоунаасын сүзгөн. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу катуу ылдамдыкта баратып, алдында кетип бараткан жүк ташуучу машинаны каккан. Кырсык болгон жерде 34 жаштагы аял жана 5 жаштагы бала каза болгон.

© Фото / пресс-служба УПМ ГУВД Чуйской областиАлга айылы жактаг айланма жолдо болгон жол кырсыгы
ДТП на объездной трассе в районе села Алга - Sputnik Кыргызстан
Алга айылы жактаг айланма жолдо болгон жол кырсыгы

Август айынын башында бус менен жеңил автоунаа кагышып, андан бир аял кызы менен жана эки киши жаракат алган. Жүргүнчү ташыган маршрутка Кеминден Бишкекти карай чыгып, айланма жолдон Toyota Rav-4 бусту жолдон коё бербей кырсыкка кабылган.

Август айынын башында дагы бир адам өмүрүн алган жол кырсыгы болду. BMW унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдун каршы тилкесине чыгып, жүргүнчү ташыган № 378 кичиавтобусту сүзгөн. Окуя болгон жерде жеңил автомашинанын айдоочусу көз жуумп, 13 жүргүнчү жаракат алган. Алардын арасында төрт жашы жете элек балдар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0