БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Бейшембиге караган түнү саат 2лер чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунда кайрадан жер титирегенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, силкинүүнүн очогу Тажикстанда катталып, күчү 5,5 баллга жеткен. Мындан улам Кара-Тейит айылында 5, Карамык, Шибээ, Чак, Жар-Башы, Кулчу, Дароот-Коргон, Жаш-Тилек, Кара-Шыбак айылдарында 4, ал эми Ачык-Суу, Кабык, Кызыл-Эшме, Кашка-Суу жана Кара-Кабак айылдарында 3 балл болуп сезилген.
4-май күнү саат 1:15 чамасында өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Бороновдун буйругу менен Ош шаарында жайгашкан бирдиктүү кампадан 5 орундуу 100 чатыр КамАЗга жүктөлүп, 19 куткаруучу жер титирөө катталган аймакка жөнөтүлдү.
Мындан тышкары, абал менен жеринен таанышуу үчүн ӨКМ жетекчиси Боронов орун басары менен, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин директорунун орун басары аталган аймакка жөнөп кетишти.