Кыргызстанда жер силкинип, эл дүрбөдү

Жазылуу
Жер титирөө болгонун Бишкек менен Ош шаарынын тургундары жазууда.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кыргызстанда жер силкингенин социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты. Жер титирөө болгонун Бишкек менен Ош шаарынын тургундары жазууда.

Европа жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстанда жайгашкан. Ал Душанбе шаарынан түндүк-чыгышты карай 249 чакырым жана Ферганадан түштүктү карай 111 чакырымда жайгашкан.

Алдын ала маалымат боюнча жердин силкинүүнүн күчү очогунда 5,7 баллды түзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын Шибээ, Карамык айылдарында 5 балл, түштүк облусунун башка айылдарында 4 балл болгон. Кыйроолор боюнча маалыматтар түшкөн эмес.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0