Бишкекте тергөөчү 45 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековБорьба с коррупцией в госорганах КР
Борьба с коррупцией в госорганах КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура жарандын арызынын негизинде кылмыш ишин козгоп, ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин аркасында тергөөчү кармалды.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин тергөөчүсү 45 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Кол кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Миграция кызматынын өкүлү 2000 доллар пара алып жатып кармалды
Маалыматка ылайык, ички иштер органында тергөөчү болуп иштеген кызматкерге тиешелүү чара көрүү боюнча арыз менен шаар тургуну кайрылган. Анын негизинде Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси (Паракорчулук) жана 304 (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Анда ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы жана Финансы полициянын кызматкерлери 11-апрелде ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында Ленин райондук ИИБдин тергөөчүсү козголгон кылмыш ишин токтотуп коюу үчүн иш ордунан 45 000 сом алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0