Жер көчкү Исфана — Сүлүктү унаа жолун бөгөп калды

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖер көчкү. Архив
Жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жолду тазалоого атайын техникалар тартылууда.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бүгүн түшкө маал Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жер көчкү түшкөндүгү тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Алдын-ала маалыматтарга караганда, №13 Жол-транспортттук ишканасынын балансындагы Исфана — Сүлүктү унаа жолунун 14-чакырымында көлөмү болжол менен 10 миң м3 жер көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Жабыркагандар жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда жолду тазалоо иштерине атайын техникалар тартылууда.

Кыргызстанда табигый кырсыктар каттала турган кооптуу жерлердин картасын Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0