БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бүгүн түшкө маал Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жер көчкү түшкөндүгү тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
"Алдын-ала маалыматтарга караганда, №13 Жол-транспортттук ишканасынын балансындагы Исфана — Сүлүктү унаа жолунун 14-чакырымында көлөмү болжол менен 10 миң м3 жер көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Жабыркагандар жок", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда жолду тазалоо иштерине атайын техникалар тартылууда.