Башкы прокуратура дагы Баткен менен Жалал-Абаддагы аэропорттун учуп конуу тилкесине жакын жердеги жер тилкелер элге мыйзамсыз берилгенин, ал жактагы 20дан ашык имарат уруксаты жок курулганын айтып чыкты.
Кубат Асановдун Нарындан Чүйгө көчүп келгенине алты жылдан ашты. Учурда Сокулук районунун Электромеханик дачасында жашайт. Коомдук турмушта автивдүү болгондуктан, былтыр аны айылдаштары айыл жетекчиси кылып шайлап алышкан.
Ошондон бери ал таза суудан тарта бузулуп калган электр зымдарына чейин өзү чуркап оңдотуп, айылдаштарынын маселесин колдон келишинче чечип келет. Каарманыбыз Sputnik Кыргызстан агенттигине дача тургундарынын негизги көйгөйлөрүн айтып берди.
— Электромеханик дачасында канча түтүн жашайт? Алар кайсы жакка катталышкан?
— 145 жер тилкеси бар, 100дөн ашык түтүн жашайт. Көпчүлүгүнүн каттоосу жок. Биз Жал айылына кошунабыз, бирок алар бизди каттоого тургузбайт. Мындан бир нече жыл мурда арызданып жүрүп, Жал айылынын мектеби менен ооруканасын араң макул кылганбыз. Эми балдарыбыз окуп жатканына сүйүнүп жүрөбүз. Бала бакчага болсо алышпайт, орун жок. Дачада жашагандар көбүнчө тегеректеги айылдардагы туугандарынын үйлөрүнө каттоого туруп алышкан.
— Суу маселеси кандай?
— Электромеханик дачасы дөң жерде жайгашкандыктан, суу чыкпайт. Советтер Союзу учурунда курулган суу скважинасы бар. Бирок анын тетиктеринин эскилиги жетип, иштебей турат. Элде акча болуп калса ар бир үй-бүлөдөн 2-2,5 миң сомдон чогултуп суу сордургуч койдуруп беребиз, бирок скважина өзү эски болгондон кийин, жаңы сордургучту бат эле күйгүзүп жиберет. Машинасы барлар сууну тегеректеги айылдардан ташып келишет.
— Дачада туруктуу жашоо мыйзамсыз экенин билип туруп, эмнеге көчүп келдиңиз эле?
Чүйдө 150дөн ашуун дача бар
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча Чүй облусунун аймагында 155 багбанчылык шериктештик (дача) жайгашкан. Андагы 28 миң 487 жер тилкесине карата кызыл китеп берилген.
Дачадагы мыйзамдуу жана мыйзамсыз жагдайлар
Кыргызстандагы дачалардын статусу жана анда кайсы аракеттер мыйзамдуу, эмнеси мыйзамсыз экенин Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастор жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо департаментинин директорунун орун басары Кадырбек Байтилешов түшүндүрүп берди.
Ал билдиргендей дачалар "багбанчылык шериктиги" деген статуска ээ.
"Дачалардагы жерлер мыйзам боюнча жер-жемиштерди өстүрүп, убактылуу жашоого гана уруксат берилген. Өз алдынча турак-жай салып алып, жыл бою жашоо мыйзамсыз. Ошондуктан багбанчылык шериктештигин уюштуруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогунда жарандарды каттоо жүргүзүлбөйт", — деди Байтилешов.
Элдин мындай мүдөөсүн колдогондордун арасында ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов бар.
"Мамлекет дачаларга айыл статусун берүүдөн коркуп жатканынын бир себеби каражат маселесине барып такалат. Анткени шарт боюнча ал жерлерге бала бакча, мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объектилерди курууга туура келет. Бирок аны коюп жок дегенде жарандарды каттоого тургузуу маселесин чечишсе деле чоң жардам болот эле. Буга болгону өкмөттүн эрки, каалоосу керек. Көйгөй оркоюп чыгып калгандыктан эми ага көз жумууга болбойт", — деди депутат.
Ал эми өкмөт дачалардын макамын өзгөртүү же өзгөртпөө маселеси боюнча азырынча үн ката элек.