Колониядан качып чыккан аял кармалды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАял түзөтүү колониясы. Архив
Аял түзөтүү колониясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ЖАМК тарабынан кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, колониядан качуунун себептери такталууда.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Чүй облусундагы Степное түзөтүү колониясынан качып чыккан Назакат Ташполот кызы бир суткадан кийин кармалганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, уурулук беренеси боюнча соттолгон жаран 23-август күнү болжол менен кечки саат 7.30да Ош — Бишкек каттамындагы унаа токтотуучу жайдан кармалган.

Учурда ЖАМК тарабынан кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, колониядан качуунун себептери такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0