БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Чүй облусундагы Степное түзөтүү колониясынан качып чыккан Назакат Ташполот кызы бир суткадан кийин кармалганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, уурулук беренеси боюнча соттолгон жаран 23-август күнү болжол менен кечки саат 7.30да Ош — Бишкек каттамындагы унаа токтотуучу жайдан кармалган.
Учурда ЖАМК тарабынан кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, колониядан качуунун себептери такталууда.