Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү

© Sputnik / Эламан КарымшаковКумтөр алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы кыргыз өкмөтүнүн үстүнөн Кумтөргө байланыштуу эл аралык сотторго бир нече арыз жазган. Нью-Йорк соту айрымдарын четке какты. Бирок соттук отурумдар кийинки айларда уланары маалым.

Өткөн аптада Нью-Йорктун Түштүк округунун соту кыргыз өкмөтүнүн "Кумтөрдөгү" жабдууларга тетиктерди алып келүү өтүнүчүн колдогон жок. Көп өтпөй Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы (LBMA) "Кыргыз алтын" ишканасын ишенимдүү компаниялардын тизмесинен чыгарып салды. "Кыргыз алтындын" мындай тизмеден чыгып калышы эл аралык баалуу металлдар рыногуна чыгуусуна бөгөт коюшу мүмкүн.

Баса, Centerra Gold Inc. компаниясы кыргыз өкмөтүнө Кумтөр кени боюнча санкция салуу арызы менен сотко кайрылган. Бул боюнча отурум 15-сентябрда өтүп, судья Лиза Г. Бекерман канадалык компаниянын өтүнүчүн жактырган эмес. Бирок кийинки процесстер октябрь айына белгиленген.

Кийин Нью-Йорк соту Кыргызстанга санкция салуу чечимин кабыл алса, абал кандай болот? Өлкө экономикасына кандай таасир этет? Бул суроолорго экономисттерден жооп издеп көрдүк.

Кыргызстандын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жогоруда айтылган сот менен ассоциациянын чечими күтүлгөн эле иш экенин айтып, санкциялардан бир топ артыкчылыктарды тапса болорун билдирген.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЭкономика жана финансы министри Акылбек Жапаров
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров
"Санкциялардын киргизилиши менен экономикада кырдаал дайыма жакшырат. Бул нерсе Россияда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө болгон. Мындай шарттар технологиялык өнүгүүгө жол ачып, өзүбүздүн инновациялык өндүрүштү пайда кылып, жаңы экспорттук байланыштарды түзүүгө жардам берет. Көңүлдү зергерчилик индустриясына буруу керек", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал алтын жеткирүүнүн жаңы каналдары иштелип жатканын кошумчалаган.

Анткен менен мурдагы экономика министринин орун басары Элдар Абакиров бул пикирге кошулбайт. Ал экономикалык санкциялар көпчүлүк учурда залака алып келерин айтат.

© Фото / пресс-служба партии "Ата-Мекен"Мурдагы экономика министринин орун басары Элдар Абакиров
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Мурдагы экономика министринин орун басары Элдар Абакиров
"Экономикалык санкциялар кайсы өлкө же уюм тарабынан экенине карап, ар кандай болот. Мисалы, банктык операцияларга, ири компаниялардын ишмердүүлүгүнө, импортко, экспортко чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Биздин экономикабызда товардын 70-80 пайызы импорттолот. Санкцияда эч кандай жакшы нерсе жок, ишкерлер кыйналат, экономика жабыркайт", — деди адис.

Ал эми Мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик башкаруу жана өнүктүрүүнү изилдөө институтунун директору, экономист Улукман Мамытов кыйынчылыктар сөзсүз болорун, бирок анын канча убакытка созулары өзүбүздөн көз каранды экенин белгиледи.

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик башкаруу жана өнүктүрүүнү изилдөө институтунун директору, экономист Улукман Мамытов
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик башкаруу жана өнүктүрүүнү изилдөө институтунун директору, экономист Улукман Мамытов
"Албетте, экономикада кыйынчылыктар болот, алтын өндүрүү боюнча артка кетишибиз толук ыктымал. Бирок бардыгы өзүбүздөн көз каранды. Биз канчалык жыйнактуу болуп ыкчам кыймылдасак, ошончолук бутубузга эртерээк турабыз. Мисалы, алтын кендердин көбүн чет элдиктер иштетип, чечүүчү кызматтарда өз жарандары отурат. Алар бизге билимин, тажрыйбасын берүүгө кызыкдар эмес", — деди экономист.

Андыктан ал тез арада өзүбүздүн тоо-кен тармагындагы адистерди тажрыйба алууга чет өлкөлөргө жиберип, эл аралык деңгээлде иш алып барууга үйрөтүү керектигин айтат. Антпесе мамлекет тышкы күчтөргө көз карандылыгынан арыла албайт.

УКМКнын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
УКМК "Кумтөрдү" иштетүүдө 200 млн. доллар чыгарып кеткендерге издөө жарыялады
"Нью-Йорк соту сыяктуу батыштагы соттор биздикиндей жагдайда көбүнчө ири корпорациялардын кызыкчылыгын коргошот. Өздөрүн инвестор атаган мындай тараптарды "финансылык кузгундар" деп коет. Алар кайсы өлкө менен пикир келишпестик болсо ошол тараптын алсыз жагын таап, юридикалык жактан кысымга алышат. АКШлык соттор буларга адатта жардам берип, канчалаган мамлекетти миллиарддаган доого жыгышты. Андыктан биз белди бекем бууп, өзүбүз иштей башташыбыз керек", — деди Мамытов.

Мындан тышкары, адис алтын эскпорттоо саясатын кайра карап чыгып, баалуу металлды топтосок пайдалуураак болорун айтты. Буга доллардын олку-солку абалын жүйө келтирди.

"Пандемиянын шылтоосу менен акыркы 1,5 жылда өнүккөн өлкөлөр 11 триллион долларга барабар акча басып чыгарышты. Дүйнөдөгү менмендеген аналитиктер мындан улам доллар ири инфляцияга бара жатканын божомолдоодо. Андыктан көпчүлүк өлкөлөр алтын запасын көбөйтүүдө. Мисалы, Казакстан, Өзбекстан, Түркия тонналап алтын сатып алып жатат", — деди ал.

Экономист Расул Түлеев азыркы жагдайдан пайда көрсө болорун айтып, бирок өкмөт ал үчүн ыкчам иштөөгө даяр эмес деген пикирин кошту.

© Фото / Бексултан ОкеновЭкономист Расул Түлеев
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Экономист Расул Түлеев
"Экономикалык санкцияда сырткы соода, алакаларга бөгөт коюлат. Мындай шартта ата мекендик бизнеске жакшы шарт түзүлүп, ЕАЭБдин дагы жардамы болушу мүмкүн. Бирок жеке пикиримде, өкмөт ыкчам иштеп кетүүгө даяр эмес", — деди адис.

Мындан тышкары, эксперт негативдүү сценарий ишке ашып калса абал кандай болорун түшүндүрдү. Анын айтымында, алтын сатуу боюнча эмитен эле "мыйзамсыз рынокко" муктаждык пайда болууда.

Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Тонналап экспорттолчу. Кыргызстан июлда бир дагы грамм алтын саткан жок
"Эми алтынды көп жерлерге сата албайбыз, айласыздан "мыйзамсыз рынокко" чыгарууга туура келет. Бирок ал жактан түшкөн кирешени адалдоо өтө татаал. Кыскасы, Африкадагы бандиттик өлкөлөрдөй, Колумбия, Афганистан сыяктуу болобуз. Анда бизге инвестор келбейт, бизнес жүрбөйт", — деди экономист.

Сөзүнүн соңунда ал бийликтин алтынды запас катары Улуттук банк алат деген сөзүнө ынанбасын кошумчалады. Анткени Кумтөрдөн чыккан алтындын баарын сатып алууга анын каражаты жетпейт деп эсептейт.

Адистердин бардыгы экономикалык санкциялар киргизилсе товарлардын баасы бир топ көтөрүлөрүн айтууда.

"Кумтөр голд компани" боюнча абал

2021-жылдын 7-майында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр голд компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компанинин" жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча жалпысынан 4,3 миллиард долларлык доо арыз берүү каралган.

17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду. Учурда компанияны Теңиз Бөлтүрүк башкарып жатат.

Кумтөр алтын кени - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
"Центерранын" карьер боюнча билдирүүсүнө "Кумтөр" жооп берди. Сүрөт, видео
21-май күнү Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри кыргыз өкмөтү менен мурдагыдай эле конструктивдүү диалогго барууга даяр экенин билдирген.

Эске салсак, Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканалары июнь айында Нью-Йорк түштүк округунун сотуна доо арызы менен кайрылган. Процесс учурунда АКШнын банкроттук тууралуу федералдык кодексинин 11-бөлүмүнө ылайык, "Кумтөр голд компани" жана "Кумтор оперейтинг" компанияларына коюлган бардык доолор автоматтык түрдө токтотулат.

15-сентябрь күнү Нью-Йорктун Түштүк округунун соту Centerra Gold Inc. компаниясынын кыргыз өкмөтүнө "Кумтөр" кени боюнча санкция салуу арызын четке каккан.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. "Кумтөр голд компани" анын туунду ишканасы. Кумтөр алтын кенинен түшкөн пайданын 26 пайызына Кыргызстан ээлик кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0