Кумтөр иши: Нью-Йорк соту Кыргызстанга санкция салуу арызын колдогон жок

© Sputnik / Эламан КарымшаковКумтөр алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
25-август күнү Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканаларынын кызыкчылыгын коргогон Sullivan & Cromwell LLP фирмасынын адистери АКШ сотуна Кыргызстандын бийлигине санкция салуу боюнча арыз менен кайрылган.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Нью-Йорктун Түштүк округунун соту Centerra Gold Inc. компаниясынын кыргыз өкмөтүнө "Кумтөр" кени боюнча санкция салуу арызын четке какты. Бул тууралуу Law360 порталы жазды.

Белгилей кетсек, 25-август күнү Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканалары "Кумтөр голд компани" жана "Кумтөр оперейтинг компанинин" кызыкчылыгын коргогон Sullivan & Cromwell LLP фирмасынын адистери АКШ сотуна Кыргызстандын бийлигине санкция салуу боюнча арыз менен кайрылган. Юристтер келишим шарттары аткарылбаган ар бир күн үчүн 1 миллион доллардан талап кылышкан.

Соттук отурум 15-сентябрда видеоконференция режиминде өтүп, ага Лиза Г. Бекерман судьялык кылды.

"Азырынча "автоматтык түрдө токтотуунун" шарттары бузулду деп айтууга эрте", — деди судья өз чечимин жарыялап жатып.

Маалыматка караганда, соттук процесс октябрь айында улантылат.

"Кумтөр голд компани" боюнча абал

2021-жылдын 7-майында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр голд компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компанинин" жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ознакомление с деятельностью рудника Кумтор президента КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
"Кумтөр": Centerra Кыргызстанды дүйнө коомчулугунун алдында каралап жатат
Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча жалпысынан 4,3 миллиард долларлык доо арыз берүү каралган.

17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду. Учурда компанияны Теңиз Бөлтүрүк башкарып жатат.

21-май күнү Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри кыргыз өкмөтү менен мурдагыдай эле конструктивдүү диалогго барууга даяр экенин билдирген.

Эске салсак, Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканалары июнь айында Нью-Йорк түштүк округунун сотуна доо арызы менен кайрылган.  Процесс учурунда АКШнын банкроттук тууралуу федералдык кодексинин 11-бөлүмүнө ылайык, "Кумтөр голд компани" жана "Кумтор оперейтинг" компанияларына коюлган бардык доолор автоматтык түрдө токтотулат.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. "Кумтөр голд компани" анын туунду ишканасы. Кумтөр алтын кенинен түшкөн пайданын 26 пайызына Кыргызстан ээлик кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0