Германия Кыргызстандын карызын кечет, бирок бир шарты бар 

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүРейхстагдын байкоо жеринде кишилер. Архив
Рейхстагдын байкоо жеринде кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия макулдугун берди.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
© Sputnik / Асель СыдыковаФинансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков
Руководитель управления государственных долгов Министерства финансов Руслан Татиков - Sputnik Кыргызстан
Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0