БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Октябрь айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын алтын валюта резерви 50,4 миллион долларга кыскарды. Бул туурасында Улуттук банктын сайтында көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, сентябрь айынын соңунда резервдин көлөмү 2 миллиард 994,6 миллион долларга барабар болчу. Бир айдан кийин ал 2 миллиард 944,3 миллион долларга түшүп калды. Бул тарыхта экинчи көрсөткүч деп саналууда.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) сыяктуу ондогон валютадан жана алтындан турат.
Август айынын аягында алтын запасынын көлөмү 3 миллиард доллардан ашкан, бирок кийин кайра төмөндөй баштады.