Өкмөт ишкерликти колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгат

© Sputnik / Эмиль СадыровӨкмөттүн имараты. Архивдик сүрөт
Өкмөттүн имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеңешмеде өкмөт башчы экономикалык активдүүлүктү жандандыруу үчүн бизнеске кошумча колдоо көрсөтүп, аларды узак убакытка арзан насыялык ресурстар менен камсыздоо керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, ишкерликти колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кеңешмеде өкмөт башчы экономикалык активдүүлүктү жандандыруу үчүн бизнеске кошумча колдоо көрсөтүп, аларды узак убакытка арзан насыялык ресурстар менен камсыздоо керектигин белгиледи.

"Мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик компаниялардын чыгымдарын кыскартышыбыз керек. Башкы милдетибиз  —жарандардын алдындагы бардык социалдык милдеттенмелерди өз убагында аткарып, бизнести колдоо", — деди Абылгазиев.

Ал өкмөт тараптан кыска жана орто мөөнөткө ишкерликти колдоо боюнча чаралардын пакетин бекитүү пландалып жатканын айтты. Азыркы учурда экинчи пакети иштелип жатат.

В столице проводятся рейдовые мероприятия по налогам - Sputnik Кыргызстан
Бизнести текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтү узарды
"Ишкерлер сунуштаган бир дагы демилге көңүл буруусуз калбашы керек. Экономиканы колдоо боюнча чаралардын планына киргизилген бардык сунуштарды тыкыр талдап чыгуу кажет. Бүгүн атамекендик экономиканы кайра ишке киргизүү жана бизнести колдоо өзгөчө мааниге ээ. Өкмөт жана мамлекеттик органдар жарандар менен ишкерлер үчүн ачык иштөөгө тийиш. Биз жарандардын жана ишкерлердин проблемаларын талкуулоодо бекинип албай, ар бир маселени жекече тартипте, ыкчам чечим берүүгө жетишибиз керек. Бул айрыкча фискалдык органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү", — деди өкмөт башчы.

Кеңешменин жыйынтыгында өкмөт башчы сунушталган чараларды толуктап иштеп чыгып, экономиканы колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакетин бекитүү керектин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0