00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Битва за здоровье: Минздрав КР против производителей газировки и снеков
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандагы жеке пенсиялар: топтомолорду инвестициялоо эрежелери кандайча өзгөрөт?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Столичные дороги: что будут ремонтировать и где ждать пробок
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Онлайн олимпиадалык резерв: «Тунгуч» мектеби негизиндеги жаңы даярдоо модели кантип иштейт?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Прощай, Pornhub: как в Кыргызстане начали официально блокировать порносайты
12:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Никеге чейинки медициналык текшерүү: бул демилгенин пайдасы жана тобокелдиктери эмне?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Асрандиев чет өлкөдөн алынган каражаттар эмнеге жумшалып жатканын айтты

© Sputnik / Медиабанкка өтүүШаардагы блокпостто аскер унааны дезинфекциялоо кылып жаткан убакытта. Архив
Шаардагы блокпостто аскер унааны дезинфекциялоо кылып жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьердин айтымында, азыркы эсеп боюнча коронавирустун кесепетинен бюджет 28 миллиард сомдук жоготууга учурайт.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Чет элдик донорлордон алынып жаткан каражат өлкө бюджетин жана ишкерликти колдоого жумшалат. Бул туурасында вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстан карыз алып жаткан негизги гана сумманы атап берди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Асрандиев: ачык айтайын, бекер акча берип, салыктан толук бошото албайбыз
Буга ылайык, өткөн жумада Эл аралык валюта фондунан 120,9 миллион доллар келип түштү. Азия өнүктүрүү банкы менен 100 миллион, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 150 миллион долларга чейин акча алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Дүйнөлүк банктан мурдагы макулашылган 9 миллион долларды иштетүү максаты өзгөртүлүп, медициналык дары-дармек алууга макулдашылды. Андан тышкары, аталган банк дагы 12 миллион доллар бермей болду.

Учурда Ислам өнүктүрүү банкы менен да сүйлөшүүлөр болуп жатат.

"Бул каражаттарды эмне себептен алып жатабыз? Биринчиден, биздин эсептер боюнча кырдаалга байланыштуу бюджет 28 миллиард сом жоготууга учурайт. Мунун одун толукташ керек. Айлык, пенсия, жөлөк пулдар ушундан көз каранды. Андан тышкары, зыян тартып жаткан ишкерлерге жылдын аягына чейин жеңилдетилген насыя түрүндө жана башка жолдор менен колдоо көрсөтүшүбүз керек. Ушул сыяктуу иштерге бизге акча керек", — деди Асрандиев.

Кыргызстандагы коронавирус

В столице проводятся рейдовые мероприятия по налогам - Sputnik Кыргызстан
Бизнести текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтү узарды
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 33ү ооруканадан айыгып чыкты. Арасында 16 медик вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0