23:27 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.7979
  • EUR88.1334
  • RUB1.0976
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1094)
1809 0 0

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандар күн сайын көбөйүүдө. Алардын арасынан каза болгондор (4) жана айыгып кеткендер (10) да бар. Анткен менен COVID-19 боюнча абал бүгүн курч турат.

Аталган тумоо Кыргызстандын Талас облусунан башка бардык региондорун камтыды. 

25-марттан баштап өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Алардын бири-биринин аймагына кирип-чыгуусу тыкыр көзөмөлгө алынды.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Жаңы билдирүү
  • 20:29

    НАРЫН. Карантинге баш ийбеген айылдарга арак сатууга тыюу салынды

    Карантинге баш ийбеген айылдарга арак сатууга тыюу салынды

    Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын чечими менен төрт айылдагы жети дүкөндүн ээлери менен сүйлөшүп, арак-шарап сатуудан алынган.
    Дагы
  • 20:26

    7-апрель. Күндүн жыйынтыгы

  • 19:39

    Эсепке 103 млн. 946 миң 301 сом түштү.

    2020-жылдын 6-апрелине (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү  үчүн ачылган эсепке 103 млн. 946 миң 301 сом түштү.

    Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар  Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.

    Маалыматты Республикалык штабдан билдиришти. 

  • 17:49

    НАРЫН. Жазгы талаа иштери башталды

  • 17:38

    Бишкек: менчик медициналык клиникалар өзгөчө абал учурунда пациентти кандайча кабыл алып жатканын редакция даярдаган материалдан окуй аласыздар.

    Врач-отоларинголог готовится к инструментальному осмотру в ООО ЛорКлиника в городе Тамбове. 21 февраля 2020 года

    Бишкектеги жеке медклиникалар. ӨА режиминдеги иш тартиби жана картасы

    Борбор калаадагы жеке менчик медициналык клиникалар өзгөчө абал режиминде бейтаптарды кандайча кабыл алып жатканын редакция даярдаган материалдан окуй аласыздар.
    Дагы
  • 16:45

    Расмий маалымат боюнча, учурда өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны — 23, вирус жуктурган дарыгерлер — 19 экени тастыкталды.

     

    Сотрудник клинической больнице РЖД-Медицина имени Н. А. Семашко в Москве одевает защитный костюм.

    Коронавирус жуктурган медиктер жана айыккандар тууралуу такталган маалымат

    Расмий маалымат боюнча, учурда өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны — 23, вирус жуктурган дарыгерлер — 19 экени тастыкталды.
    Дагы
  • 16:43

    Өзгөчө абал режиминде Бишкектеги банктар кандай иштеп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар.

    Пункт обмена валют

    Бишкектеги банктардын иш графиги, телефону жана дареги. Карта

    Өзгөчө абал режиминде Бишкектеги банктар кандай иштеп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар.
    Дагы
  • 15:43

    Эгерде пенсионер учурда катталган жеринде эмес, туугандарында болсо пенсиясын кантип алат?

    "Эгерде ал буга чейин пенсиясын почта аркылуу алып келсе, ал эми бул сапар үйүндө эмес, башка жакта болуп калса, келерки айда эки айдын пенсиясын бир алат. Бул пенсиясын банк аркылуу алгандарга тийиштүү эмес", - деди министр Кочкоров. 

  • 15:31
  • 15:23

    Кыргызстанда 670 миӊден ашык ар кандай категориядагы пенсионер бар. Алардын 55 пайызы банктардан, 45 пайызы почта бөлүмдөрүнөн пенсиясын алып келген. Бир айда аларга 4 милллиард сомго жакын акча бөлүнөт. 

  • 15:19

    Сузак, Кара-Суу, Ноокаттагы пенсионерлер акчасын кантип алат?

    Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев: Өзгөчө абал кирген Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунда 60 миңден ашуун пенсионер бар. Алар  акчасын банк аркылуу алчу. Эми аны убактылуу почта кызматы таратып бермекчи. 

  • 15:05

    Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун маалымат жыйыны аяктады

  • 14:59

    Кочкоров: которулган акча кимге кеткени боюнча бериле турган отчет эсибизде, ыкмасын издеп жатабыз

    "Эл которгон акчага алынган азык-түлүктүн кимге берилгендигин кантип ошол адамдарга маалымдап, отчет берсек дегенди ойлонуп жатабыз. Алгач, жардам алгандардын аты-жөнүн ачыктайлы десек, алардын жеке маалыматтары жарыя болуп калгыдай. Андан сырткары көмөк алгандар көмүскө калуун айтышууда. Бул боюнча кантип отчет берүү боюнча бир ыкмасын таап, кийинчерээк жардам бергендерге маалымат берсек деген ой бар", - деди Кочкоров. 

  • 14:49

    Балдар жана карылар үйлөрү кандай каралууда?

    Кочкоров: Карылар, балдар үйлөрүндө, балдардын атайын жайларында сактануу, коопсуздук тартиптери катуу сакталган. Ал жердегилер бир жумадан берип үйүнө кетпей, ошол жерде күнү-түнү калып жатышат. Бул жайларда да карантиндик режим сакталып турат.

  • 14:47

    Кочкоров: колунда барлар да жардам сурагандыгын жергиликтүү бийлик, айыл башчылар аркылуу тактап жатабыз. Жогоруда айттым, кээ бирөөлөр тамашалап кайрылгандар да кездешти. 

  • 14:45

    Унду сапаты жана ар кыл партиялардын атынан таратылып жатканы туурасында

    Кочкоров: өкмөт берген ун бир катар саясий партиялардын атынан таратып жатат деген маалыматтар бар. Ундун сапаты туурасында да айтылууда. Мунун баарын тактап жатабыз.

  • 14:43

    Кочкоров: министрликтин депозитине түшкөн акчадан бөлүп, жардам көрсөтүүнү статусу жок, эч кандай акча албаган, жаңы конуштарда каттоосуз жашаган 11 900 адамдардан баштайлы дедик.

  • 14:42

    Жардамдарды жеткирип бергени үчүн эч ким акы албайт. Ошондой иштер катталса, тиешелүү кишилерге чара көрөбүз

  • 14:40

    Пособиемди узартуу мөөнөтү бүтүп калган, эмне кылса болот?

    Кочкоров: жөлөк пул боюнча мөөнөтү бүткөндөргө да социалдык төлөмдөр автоматтык түрдө берилет. Азыр абалга байланыштуу өкмөттүн ушундай чечими бар. 

  • 14:33

    Жөлөк пулдар өз убагында жана толук төлөнөт

    “Мамлекеттик жөлөк пулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды баккан жеке ассистенттердин айлык акылары, багып алуучу үй-бүлөлөргө жана убактылуу үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдарга берилүүчү каражаттар өз убагында толук кандуу төлөнөт”, - деди министр Кочкоров.

  • 14:33

    Кочкоров: Ай сайын 25 категориядагы жарандар жеңилдиктердин ордуна 1000 сомдон 7000 сомго чейинки өлчөмдөгү акчалай компенсацияларды алышат. Алардын саны 41 миң 200 адам.

  • 14:33

    Кыргызстандагы жумушсуздардын саны 156 миӊ 300 адам

     Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жалпы жумушсуздардын саны 97 миӊ 400 адам. Анын ичинен расмий жумушсуздардын саны 78 миӊ адам.

    Жумушсуздук боюнча жөлөк пул алгандардын саны 155 адам, өлчөмү 300 сом

  • 14:30

    Министр: колунда барлар ойноп чалбагыла...

    Республика боюнча 210 79 кайырлуу түшкөн.

    "Колунда барлар жардам сурабагылачы, ойноп кайрылуу жасабагыла", - деди Кочкоров.

    Министр кызматкерлер ал жерге барууга убактысын коротуп, убара болуп жаткандыгын айтты.

  • 14:29

    1227.tunduk.kg сайтына жардам сурап маалымат таштаса болот

    Кочкоров: 49 245 муктаж үй-бүлөнү камсыздоо боюнча иш алып бардык. “Жардам” штабы кайрылгандардын тизмесин түзүүнү улантууда.

    Мындан сырткары 1227.tunduk.kg  сайты аркылуу маалыматтарды таштаса болот. Бул системага түшкөн жарандардын контатыларын жергиликтүү бийликке жеткиребиз

  • 14:25

    Кочкоров: 110 миң үй-бүлөгө материалдык резервден бөлүнгөн ун таратылып жатат. 

  • 14:24

    Кыргызстанда 2020-жылдын 1-мартына карата өлкөдө 425 миң 800 жаран мамлекеттик жөлөкпулдарды алышат. Анын ичинен 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлөдөн 309 миӊ 437 балага “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу төлөнөт. Учурда аталган жөлөкпулдун орточо өлчөмү 870 сомду түзөт”, - деди министр Улукбек Кочкоров.

    Анын айтымында, ай сайын социалдык жөлөкпулдарды алуучулардын саны 93 546 адам. Орточо өлчөмү 3009 сомду түзөт.

    Балага сүйүнчү жыл башынан тартып 22,9 миң адамга төлөнгөн.

  • 14:14

    Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун маалымат жыйыны башталды

  • 14:10

    Гуманитардык жардам алчулар кайда кайрылса болот? Ош, Кара-Суу, Ноокаттагы телефондор

    Түз байланыш номерлери


    Кара-Суу району:

    0(3232) 5-00-03, 0772-21-22-80, 0551-21-22-80.


    Ноокат району:

    0(3230) 5-26-28, 0773-42-16-42.


    КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү (облустук администрация):

    0(32-32) 5-54-25, 0557-80-01-11.

    Ош шаарынын мэриясы:

    (32-22О) 5-53-84.


     

  • 13:58

    ЖАЛАЛ-АБАД: Коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө каражат которгон жайлардын тизмеси уланууда. 

  • 13:57

    Ысык-Көл облусунда абал кандай?

    Ысык-Көл облусунда 108 адам обсервациядан чыгарылып, эки жумалык үй карантинине жиберилди. Алардын экинчи этабдагы анализдеринен COVID-19 табылган жок.
    Облуста жалпы 195 адам обсервацияга алынган. Учурда 84 адам обсервацияда калууда, ал эми 3 адамдын анализдеринен COVID-19 табылгындыгына байланыштуу инфекциялык бөлүмдөрдүн изоляторунда жатат.

  • 13:37

    Жалал-Абад шаары, Сузак району боюнча комендант менен облштабдын жетекчисинин орун басарынын маалымат жыйыны аяктады

  • 13:36

    Жоробеков: 17 миңден ашуу кишин өткөрмө кагазын алууга кайрылып, 1200 адамга  берилди. Аны дарыгерлер, дары-дармек, азык-түлүк ташыгандар алды. Айыл өкмөттөрдү да камсыздадык. Андан сырткары ооруканага баргандарга кезексиз берилди.

  • 13:32

    Боржиев: Обсервацияда Жалал-Абад облусу боюнча 173 киши бар. Алардын арасында балдар жок.

  • 13:27

    "Буга чейин деле облустук Санэпидкөзөмөлдүн 49 кызматкери обсервацияга жатканын буга чейин деле ачык айтканбыз. Алар ошол жерде отуруп эле иштеп жатышат", - деди Боржиев. 

  • 13:24

    "Санэпид көзөмөлдүн 49 кызматкери обсервацияда. Ал эми 54 кызматкер сменден чыгып, алар да обсервацияда", - деди  Боржиев. 

  • 13:19

    Дарыгерлерге оору жукканы боюнча жоопкерчилик каралабы?

    Дарыгерлерге оору жукканы боюнча жоопкерчилик каралабы деген суроо болду.

    "Коргоочу костюмдар медициналык кызматкерди 80-90 пайыз гана коргой алат. ал эми 100 пайыз космонавттар кийген аппараттар гана коргой алат. Бул жерде туура кийинип, чечинүү маанилүү. Респираторду 8 саат бою чечпей иштөө да абдан кыйын", - деди Боржиев. 

  • 13:18

    Боржиев: Индиядан келген кишиден бүгүн коронавирус аныкталды

  • 13:17

    Жалал-Абад боюнча жасалма дем алдыруучу 73 аппарат бар

    "Жалал-Абад боюнча андай аппаратка муктаж болгон оорулар жок", - деди Жалал-Абад облустук медициналык штабдын жетекчисинин орун басары Урмат Боржиев. 

     

  • 13:15

    Милиция кызматкерлеринин арасында оору жуктургандар барбы?

    Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жоробеков: Тартип сактоочулар арасында оору катталган жок. Күндө штаб жыйынында эскертип, айтып жатабыз. Сактануу жолдору эскертилүүдө. Блок-посттогу кызматкерлердин тамагын да аярлап берип жатабыз.

  • 13:15

    "Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча 229 кылмыш катталды. 11и уурулук, 7өө бейбаштык. Басымдуу бөлүгү уурулук", - деди комендант Жоробеков

  • 13:12

    Жалал-Абад шаары, Сузак району боюнча комендант менен облштабдын жетекчисинин орун басарынын маалымат жыйыны башталды

  • 12:52

    Борбор шаардын тургундары өзүн-өзү диагностикалоо маселелери боюнча ыкчам медициналык кеңеш алуу үчүн 118 ыкчам линиясына чалса болот.

    Медицина кызматкерлер ыкчам телефон аркылуу байланышкан адамдарга өзүн кандай сезип жаткан абалын тыкыр сурамжылайт жана атайын иштелип чыккан анкетаны толтурушат.
    Шаар тургуну чала алат, эгерде:
    • Ал эпидемиологиялык абалы начар өлкөлөргө же аймактарга барып келсе;
    • Коронавирусуна чалдыккан оорулуу менен тыгыз байланышта болгон болсо;
    • Оорунун белгилери – жогорку температура, жөтөл жана энтигүү бар болсо.
    Инфекциянын чыгуу коркунучу жаралса, жерине дарыгер, эпидемиолог жана лаборант болуп, медиктердин мобилдүү бригадалары барат, алар үйдө экспресс-тест жасашат.

  • 12:42

    Ош шаарынын, Кара-Суу, Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдиновдун брифинги аяктады

  • 12:41

    Ош: коронавирус менен ооруганын билип жүрө берип башкаларга жуктурган бир жаранга кылмыш иши козголду

    “Илдетти жуктуруу беренеси боюнча бир жарандын үстүнөн кылмыш иши козголду. Ооруганын билип, анысын жашырып, теңтуштары, кесиптештери менен катташып жүрө берген. Ооруй баштаганда текшерсек,  вируска кабылганы аныкталды”,  - деди Нурдинов.

    Анын учурда дарыланууга жаткырылганы, ооруканадан чыгары менен сот иштери башталып, кеминде беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн комендант кошумчалады. 

  • 12:38

    Блок-постту тоготпой өтүп кеткендерге курал колдонулат

    Нурдин Маликов: Блок-постту тоготпой өтүп кеткендерге чара көрүлөт. Биринчиден өтүп кетсе, экинчиден өтүп баратканда токтотулат. Себеби, башка посттогуларга кабар берилет. Баары бир кармалат. Эгерде таптакыр болбосо, каршылык көрсөтсө, шартка байланыштуу курал колдонулат.

  • 12:25

    Эл өзү коюп алган блок-посттор мыйзамдуубу?

    Нурдинов: Эл өзү коюп алган блок-посттор бир аз аша чаап коюп жатат. Эгерде тез арада дары-дармек керек болуп, бирок аны өткөрбөй койсо, иш козголот. Ал эми сырттан, чоочундар кирбесин, айылдагы жаштар максатсыз жүрбөсүн деп талап кылса, анда туура.

  • 12:23

    Малик Нурдинов: Дүкөндөрдө, соода жайларда коопсуздук эрежеси сакталбай, зыянсыздандырган каражаттар орнотулбаса, комендатурага чалгыла. 

  • 12:15

    Малик Нурдинов: күйүүчү айылга майды челектеп эмес, көбүрөөк көлөмдө  алып кирүүгө эч ким тоскоолдук болбошу керек.

  • 12:14

    Нурдинов: коменданттык саатты бузгандарга 3000 сом, мас болгондорго 17 000 сом айып салынды

    Малик Нурдинов: Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коомдук-коопсуз абал тынч. Коменданттык саатты бузган 10 жаран кармалып, мыйзамдын алкагына 3000 сомдон айып салынды. Ал эми мас абалында кармалганы үчүн 17 000 сом жана коменданттык саатты бузганы үчүн 3000 сом айып тартты.

    "Биз буга чейин эскерткенбиз, маалымат таратканбыз. Тартипти бузбагыла", - деди Нурдинов. 

  • 12:11

    Ош шаарынын, Кара-Суу, Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдиновдун брифинги башталды

  • 12:08

    Коронавирустун таралышы аягына качан чыгышы мүмкүн? Суракматовдун жообу

    Анын айтымына караганда, Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны өсүп жатат, бирок ушуну менен аягына чыгышы мүмкүн.

    "Эксперттердин анализи боюнча, бир нече күндөн кийин ооруну жуктургандардын саны басаңдашы ыктымал. Бирок аны үчүн шаардыктар үйдөн чыкпай обочолонуп, карантиндин эрежесин так сакташы керек", — деди Суракматов. 

     

  • 11:52

    Бишкек шаарынын коменданты Орозалиев менен мэр Суракматовдун маалыматы жыйыны аяктады

  • 11:51

    Суракматов: Бүгүнкү күндө борбор калаада 1756 жаран каттодо турат, ар биринен алгачкы анализдер алынып, алар обсервацияда же үй карантинде турат. Инкубациялык мезгил өткөн соӊ – 14 күндөн кийин алардан кайрадан анализ алынат, эгерде жыйынтыктары оорунун жок экенин көрсөтсө, анда алар көзөмөлдөн чыгарылат.

    “Шаарда жалпысынан көзөлгө алуудан 1359 адам чыгарылган”, - деп кошумчалады Суракматов.

  • 11:43

     Суракматов: Көп кабаттуу үйлөрдө лифтилердин бардыгы тазаланып жатат. Андан сырткары социалдык тармактарда да тазалап туруу боюнча чакырык ташталган.

  • 11:42

    Суракматов: Мобилдик бригадаларда иштегендер тийиштүү кийимдер менен камсыз болгон. Андан сырткары автоунаалар да дезинфекциядан өткөрүлүп турат. 

  • 11:39

    Дезинфекция көп кабаттуу үйлөрдө эмнеге мэриянын эсебинен жүргүзүлбөйт

    Дезинфекция көчөлөрдө, ири имараттарда жүргүзүлүп жатат. Бул план менен аткарылууда. Эгерде оору чыкса, ал имарат жана аймак, үй дезинфекция жасалат.

  • 11:37

    Мэр таксисттин кантип оору жугузганын айтып берди

    Суракматов: Биринчи учур – бир үй-бүлөдө эле таксист болуп иштеген киши коронавирусун жуктуруп, өзүнүн ооруп жатканын билбей калган. Ал үй-бүлөсүндө алты кишини  – аялын, кызын, күйөө баласын, эки уулун жана небересин   кошо ооруткан.

    "Андыктан, абайлагыла, өзүңөрдү да, башкаларды да ойлогула", - деди мэр.

  • 11:36

    Суракматов: Бишкек шаарында коронавирус менен 25 адам ооруганы аныкталды. Бул 25 адам жакын туугандары болгон 66 адам менен жана бирге иштеген, дос-тааныштары болгон 204 адам менен байланышкан.

  • 11:35

    Орозалиев: Шаарда жөө кишилер эле эмес, автоунаалар да көп болуп жатат. Патруль кызматынын автоунаалары атайын белгилер менен иштөөгө аргасыз. Тартип сактоочулар оройлук кылса, кайрылгыла, чара көрөбүз.

  • 11:24

    Улгайгандар менен жакыр жашагандар камкордукка алынат

    Суракматов коронавирус иммунитети алсыздарга жугушу мүмкүндүгүн дагы бир ирет эске алып, калктын аялуу катмарларына - улгайгандар менен жакыр жашагандарга көңүл буруу зарылдыгын айтты. 

  • 11:22

    Шаарда 40 мобилдик бригадалар иштеп жатат

    Суракматов эгерде жарандар карантинде же оорулар менен байланышта кайсы бир учурда болсо, обвсервациядан келип, оорунун белгилери байкалса, дароо медиктерге кайрылууну суранды. 

  • 11:22

    Орозалиев: Өткөн сутка ичинде Бишкекте коменданттык убакыттын талаптарын 74 адам бузган. Алардын ичинен 62 эркек жана 12 аял. 

  • 11:17

    Суракматов: Бишкекте эки аптадан бери өзгөчө абал киргизилип, жасалган аракеттер менен коронавирустун жайылышы көзөмөлгө алынды. Анткен менен Бишкекте ооруну жуктуруп алуу динамикасы жогору. Андай болбош үчүн эл сактанып, коопсуздук эрежелерин сакташ керек.

  • 11:16

    Шаарда коомдук-коопсуздук абал туруктуу. Ал эми 25-мартта тарта 7-апрелге чейин коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн райондук ИИБге 1450 адам жеткирилген. Алардын 1256 эркек, 196 аял. 

  • 11:14

    Бишкек шаарынын коменданты менен мэринин брифинги башталды

  • 10:46

    Карантин жоюлгуча бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлыгы сакталабы?

    Асрандиев: Бюджеттегилердин айлыгы сакталган. Дагы бир жакшы көрүнүштү байкадым, ишкерлер кызматкерлерин үйдө отургузуп, айлыктарын, жумушчу орундарын сактап калып жатат. Бул жакшы көрүнүш.

  • 10:23

    Эл аралык донорлордон келген миллиондогон каражаттар кайда жумшалат?

    "Эл аралык валюта фонду 129 млн. доллар, Азия өнүктүрүү жана банкы 100 млн. доллар, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы 150 млн. доллар алууну пландап жатабыз. Дүйнөлүк банктан мурда 9 млн. доллар берилбей калган эле, анын максатын өзгөртүп, дары-дармекке жумшайбыз, андан сырткары дагы 12 млн. долларды бермей болду.

    Эмне үчүн мынча каражат тартып жатабыз? Биринчиден биздин бюджет 2020-жылдын ичинде 28 миллиардга жакын зыян тартат. Мунун ордун толукташ керек. Айлык, жөлөк пулду төлөп беришибиз керек. Ошол максатка каражат керек”, - деди Асрандиев.

  • 10:19

    Кытай менен жүк ташууну жандандыруу боюнча иштеп жатабыз

    Асрандиев: Кытай менен автомобиль менен жүк ташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Аларга атайын нота жибергенбиз. Кечээ кытайлык кесиптештер менен өкмөт өкүлдөрүнүн видео байланышы болду. Учурда жүк ташуучулар менен коопсуздук эрежелерин сактап, кызматташуу боюнча өзгөчө алгоритм иштелип чыгууда.  

  • 10:09

    Кайтарымсыз жардам кылып, салыктарды кече албайбыз

    Асрандиев: Өз күчүбүздү салмактап туруп, бюджеттин эсебинен анан бизнеске жардам берүү боюнча айтсак, башка өнүккөн өлкөлөр сыяктуу мүмкүнчүлүктөрүбүз жок. Ишкерлерге кайтарымсыз жардам кылып, салыктарды кече албайбыз. 

  • 10:05

    Асрандиев: экономика жана бизнес боюнча мындан ары кандай чаралар болот?

    Асрандиев: Жакынкы үч айга кризиске каршы план бекитилген эле. Биринчиден, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо. Андан кийин, бизнестегилер маселеси. Өзгөчө абалдан улам бир топ ишкерлик токтоп калгандыктан, аларга берилчү жеңилдиктер, эң ириде салык жана социалдык төлөмдөр жагы каралган. Ишкерлер мамлекеттик имаратты ижарага алса, аларга жеңилдик катары төлөө мөөнөтү узартылган. Кечигүүлөр боюнча айып салынбайт.

  • 10:02

    Кыргызстандагы экономикалык абал боюнча вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымат берип баштады

  • 09:59

    Үйдө отуруп ооруп калба! Адистин кеңеши

    Учурда 100 миллиондогон адам өз үйүндө карантинде отурат. Министрлик бул күндөрү башка ооруларды чакырып албаш үчүн бир нече эрежелерди сактоону сунуштады.

     

    Инструктор групповых программ фитнес-клуба Гранд Арена Анастасия Саламатина во время записи онлайн-тренировки у себя дома в Новосибирске. Тренировка транслируется в социальной сети и бесплатна для всех желающих.

    Карантинде жатып башка ооруларды чакырып алба! Үйдө жасалчу көнүгүүлөр

    Учурда 100 миллиондогон адам өз үйүндө обочолонуп отурат. Министрлик бул күндөрү башка ооруларды чакырып албаш үчүн бир нече эрежелерди сактоону сунуштады.
    Дагы
  • 09:56

    Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримовдун маалымат жыйынын аяктады.

  • 09:45

    Коронавирус жуктуруп алган медиктердин абалы кандай?

    Абдикаримов: Ооруну жуктуруп алган дарыгерлердин абалы учурда канааттандырарлык. Аларды оорунун клиникалык белгилери жок. 

  • 09:43

    Бизде ПЦР-тест жетиштүүбү?

    Абдикаримов: ПЦР-тесттер жетиштүү. Жогоруда айтып кеткенимдей, 23,5 миң анализди жасаганга жетет. Учурда Түркиядан да тест-системаларды күтүп жатабыз. 

  • 09:41

    Абдикаримов: дааватчылардын санын так билүү кыйын экен

    Абдикаримов:Кыргызстандан сырткары жүргөн дааватчылардын санын тактоо өтө кыйын экен. Учурда муфтият менен иштеп жатабыз. Эгерде алар сырттан келсе, дароо обсервацияга жаткырып, текшерүүгө алабыз. 

  • 09:40

    Таласта абал кандай?

    Абдикаримов:Таластагы кээ бирлери байланышта болгон. Алар обсервацияда. Коронавирус табылгандар жок.

  • 09:36

    Ооруну жуктуруп алгандарга кандай компенсация төлөп берилет

    Абдикаримов: Бул маселени учурда комиссия карап жатат. Жуктургандарга башка, ал эми каза болуп калгандар башка каражат төлөнөт деген сунуш бар. Бир ирет жана көп ирет берилүүчү компенсация жөнүндө кеп болууда. Бул боюнча мыйзамды Жогорку Кеңешке киргизебиз. 

  • 09:35

    Дарыгерлердин ооруну жуктуруп алышы боюнча иликтөө жүрөт

    Абдикаримов: Дарыгерлердин баарына бирдей кийим берилген. Бир катар медиктер жуктуруп алышты. Балким, форманы кийүү эрежесин сактабай калды. Ал эми кийимдер сапатсыз деген болбойт калат. 

  • 09:33

    Казакстандан табылган кыргызстандык айдоочулар бүгүн обсервацияда. 

  • 09:31

    Абдикаримов: Медиктердин айылыгын карап жатабыз, өз учурунда берилет. Кошумча да төлөнөт. Ал эми COVID-19 жуктуруп алгандарды дарылап жаткандарга да каражат кошуп берилет. Эртеңден баштап банктар аркылуу берилип баштайт.   

  • 09:29

    Учурда ооруну жугузуп алган медиктердин саны 19 га жетти

    Абдикаримов: тилекке каршы, бүгүн мурдагы 9 медикке дагы кошулду. Алар ооруканага жаткырылды. 

  • 09:28

    Учурда 9 лаборатория иштеп жатат. Алар күнүгө 1200дөн ашуун анализди чыгарат. Жакында баарын бүтүрөбүз.

  • 09:27

    Оору боюнча пик учур качан болот?

    Абдикаримов: азыр азыр так айтуу кыйын. Биз карап, эсептеп жатабыз. 

  • 09:26

    Өзгөчө кырдаал качан бүтөт?

    Абдикаримов: Азыр канчага чейин созуларын айта албайм. Биз күнүгө чыккан маалыматтарды алып, андан соң республикалык штабга беребиз. Ал жерден жагдайды карап, көрүшөт.

  • 09:25

    Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 228 түздү. Алардын ичинен


    Жалал-Абад облусунда – 80
    Ош облусунда – 106
    Баткен облусунда – 4
    Нарын облусунда – 5
    Ысык-Көл облусунда – 3
    Чүй облусунда – 30

  • 09:24

    Оорулуулар жана аймактар боюнча маалыматтарды кайдан алууга болот?

    Абдикаримов: med.kg сайтынан баардык маалыматтарды таба аласыз. Ал жерге баардыгы жазып илинген, таблицалар менен берилген. 

  • 09:19

    Бүгүнкү 12 учур кайдан чыкты?

     Абдикаримов: алардын ичинен 3 эркек жана 9 аял. Баары Ош облусунда обсервацияда жаткан.

     

  • 09:16

    Абдикаримов: Бишкек шаарындагы үч мейманканада жаткандардан да чыккан учурлар болду. Алардын ичинен COVID-19 табылгандарды жана тыгыз байланышта болгондорду алып калып, калганын үйгө чыгарабыз. 

  • 09:14

    Тест системалар жетиштүү. Кечээ Россиядан дагы келип түштү

    Абдикаримов: азыр 23,5 миң анализге тест система бар. Берилген жардам үчүн Россия тарапка чоң ыраазылык билдиргим келет. Бул жакшы жардам берди. 

  • 09:13

    Бүгүн ооруканада жатандарды саны - 201. Алардын ичинен абалы оор болгон - 10 адам бар.

  • 09:12

    23 киши оорудан айыгып чыкты

  • 09:07

    Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандардын саны 228ге жетти

  • 09:07

    Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 12 киши катталды

  • 09:07

    Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал боюнча брифинги башталды

    Маалыматты Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов берип жатат

live
Кыргызстандагы коронавирус боюнча абал: тексттик баяндама, сүрөт жана видео
+
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1094)

Тема боюнча

Түркияда коронавируска каршы вакцина жаныбарларга ийгиликтүү сыналды
Россия Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 5 миң ПЦР-тест берди
Минскиден Бишкекке коронавирустун тестин жасоочу реагенттер жиберилди
Белгилер:
баяндама, Сүрөт, видео, өзгөчө абал, дарыгер, коронавирус, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ