Бизнести текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтү узарды

© пресс-служба мэрии города БишкекВ столице проводятся рейдовые мероприятия по налогам
В столице проводятся рейдовые мероприятия по налогам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт 2019-жылдын 1-январынан тарта ишкерлик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизген. Ал 2021-жылдын 1-январына чейин иштемекчи болгон.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Ишкерлик субъектилерди текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтү дагы бир жылга жылдырылды. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда айтты.

Эске салсак, мындай ченемди өкмөт 2019-жылдын 1-январынан тарта киргизип, ал 2021-жылдын 1-январына чейин иштемекчи болгон

"Учурдагы түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам жана ишкерлерди колдоо максатында мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүсүнө киргизилген мораторий дагы бир жылга узартылды. Ошону менен 2021-жылдын аягына чейин бир дагы мамлекеттик көзөмөлдөөчү орган бизнестерди текшере албайт, ага укугу жок", — деди Асрандиев.

Мораторий текшерүүгө алган 10 мамлекеттик органга тийиштүү:

  • Социалдык фонд;
  • Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
  • Мамлекеттик отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги;
  • Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
  • Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция;
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
  • Финансы министрлигинин алдындагы баалуу металлдар боюнча департамент;
  • Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти;
  • Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти;
  • Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирти бар продукцияны өндүрүү жана сатууну көзөмөлдөө башкармалыгы.
Жаңылыктар түрмөгү
0