19:26 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архивдик сүрөт

ЕАЭБге чейин жана киргенден кийин. КРдин экономикалык көрсөткүчү

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
220 0 0

Экономика министрлиги ички дүң продукциянын, баалардын өсүшүн, кызмат көрсөтүүлөрдү, андан сырткары, салык менен бажы төлөмдөрүнүн чегерилишин салыштырды.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Экономика министрлиги Кыргызстан экономикасынын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) киргенден кийинки жана ага чейинки көрсөткүчтөрүн салыштырды.

Борбор калаада "ЕАЭБдеги Кыргызстан: жыйынтык, тажрыйба жана келечеги" деп аталган практикалык конференция өтүүдө. Эске салсак, Кыргызстан аталган уюмга 2015-жылдын август айында мүчө болгон.

Депутаты слушают президента КР Жээнбекова во время заседании. Архивное фото
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Иш-чарада вице-премьер Замирбек Аскаров, РФтин КРдеги элчиси Николай Удовиченко, ЖК депутаттары, экономика министри Санжар Муканбетов жана башкалар сүйлөдү.

Төмөндө министрликтин берген маалыматтарын келтиребиз.

Кыргызстан интеграция процессинен ийгиликтүү өттү. Экономиканын өсүшү ЕАЭБге чейинки көрсөткүчтөн кемиген жок. Кыргыз экономикасы сырткы факторлордун начар шарттарга кептеген таасиринен зыянга учурабай, ал мезгилден жоготуусуз өттү.

Ички дүң продукция

Ички дүң продукциянын (ИДП) төрт жыл ичинде жылдык орточо өсүшү 2010-2014-жылдардан (4, 1 пайыз) кем болгон жок. Ал эми божомолдо 2,4 пайыз деп айтылган.

ИДП адам башына номиналдуу алганда 22 пайызга өсүп, 2018-жылы дээрлик 92 миң сом болгон. Салыштыра келгенде, 2014-жылы 71,5 миң сом эле.

Инфляция

Инфляция деңгээли аталган уюмга киргенден соң, жылына 9,4 пайыз деп божомолдонгон. Бирок орточо эсеп менен алганда 2,9ду түзүп, ал керек-жарак рыногунун өтө толгондугуна байланыштуу болду.

Анткен менен 2011-2014-жылдары инфляция орто эсеп менен 8,4 пайызды түздү.

Бюджеттин дефицити

2010-2014-жылдары ИДП дефицити 3,5 пайызды түзгөн. 2015-2018-жылдары орточо эсеп менен 2,6 % делген (ЕАЭБдин эсебинде — 3 пайыз).

ИДПга карата тышкы карыздын деңгээли төрт жыл ичинде орто эсеп менен жылына 54,7 пайыз болуп турду. Ал эми былтыркы жылдын соңуна карата 48,0 пайызга төмөндөгөн (ЕАЭБдин эсебинде — 50 пайыз).

Тышкы соода

2015-2016-жылдары төмөндөө болгон, 2017-2018-жылдары тышкы соода кайрадан калыбына келген.

Соода балансынын терс сальдосу жылына 2,8 миллиард долларды түзөт, ал ЕАЭБге киргенге чейин 3 миллиардга жеткен.

Бажы жана салык төлөмдөрү

Соода көлөмүнүн түшүп кетишинен улам бажы жыйымдары кыскарган. 2018-жылы бул багытта түшкөн каражаттын көлөмү 42 миллиард сомго кыскарып, 2014-жылдагы деңгээлиндеги калыбына келген. Жыйынтыгында, ЕАЭБге кошулгандан соң кирген бажы төлөмдөрүнүн орто жылдык көлөмү 34 миллиард сомдон жогорулаган. Интеграциялык уюмга кошулганга чейин орточо эсеп менен алганда 30 миллиард сомду түзүп турган.

ЕАЭБге чейин салык жыйымдарынын көлөмү орто эсеп менен алганда 32,5 миллиард сомго жетсе, ага мүчө болгондон соң ал эки эсеге өсүп, жылына орточо эсеп менен алганда 65 миллиард сомду түзгөн.

Тема боюнча

Медведев ЕАЭБдин карапайым элге кандай пайдасы тийиши керектигин айтты
"Валдай" клубунун серепчиси: ЕАЭБге Өзбекстандын кириши баарына пайдалуу
Абылгазиев: ЕАЭБ өлкөлөрү бири-биринин шартын түшүнүп иш кылышы керек
Белгилер:
дефицит, бюджет, салык, бажы төлөмү, бажы, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ