Финпол: салыктан качкан "Бозумчак" 9 миң тоннадай концентратты алып чыгып кеткен

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүАлтын кени. Архив
Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фактылар Кыргызстандын Эсеп палатасы жүргүзгөн текшерүүлөрдөн кийин маалым болгон.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Финансы полициясы Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда жез казып жаткан "КазМинералзБозумчак" ишканасынын жетекчисине салык төлөмүн жашырып жана 2015-жылы курамында алтын болгон 9760,24 тонна концентратты КРден алып чыгып кеткени боюнча материал топтоду. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Аталган фактылар Кыргызстандын Эсеп палатасы жүргүзгөн текшерүүлөрдөн кийин маалым болгондугу айтылды.

2017-жылдын декабрь айында Финансы полициясы Кылмыш кодексинин 221-беренесинин (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) негизинде иш козгогон.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда төрт айыл өкмөттүн элин ара жолдо калтырган көпүрө - Sputnik Кыргызстан
Жоголгон 38 млн., каза болгон директор. Ак-Талаадагы көпүрө эмнеге бүтпөй калган?
Мамлекеттик Салык кызматынын Чүйдөгү жана Бишкектеги башкармалыгынын Ири салык төлөөчүлөр боюнча көзөмөл кылуучу инспекторлору "КазМинералзБозумчак" ЖЧКсына барып, салык боюнча текшерүү жүргүзүп, акты түзгөн.

Салык кодексинин 221-1 беренесине ылайык, Кыргызстанда курамында алтын бар кенди казгандар, курамында алтын бар концентрат алгандар, алтын эритмесин жана аффианждалган алтын алгандар киреше салыгын төлөшү керек.

Кийин кошулган 55 миллион сом

"Бирок, "КазМинералзБозумчак" өкмөттүн токтом менен кабыл алган "Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө жобосуна" таянып иш алып барган. Алар алып жаткан концентрантта жез көптүк кылгандыктан — ал жез концентраты, ал эми алтындын көлөм аз деген жоопту бетке кармаган.

Алтын куймалагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн алтын запасы бир жыл ичинде 10 млрд. сомго кымбаттады
Мындан улам, салыкчылар киреше салыгын төлөөнү текшерген. Салык курамында алтын бар кенди казганда, курамында алтын бар концентрат алганда, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды алганда төлөнүшү шарт.

Ошентип, 2014-жылдан тарта 2016-жылга чейин "КазМинералзБозумчак" ЖЧКсы 55 миллион сом суммасындагы салык төлөмү кошулган.

2018-жылдын 26-майында "КазМинералзБозумчак" ишканасынын генералдык директору Ильяс Тулекеев Бишкек шаарындагы "Манас" көзөмөл өткөрүү жайынан мамлекеттик чек араны кесип өтүү аракетин жасаган учурда кармалган. Андан соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Тергөө башкармалыгына алып келинген.

Ошол эле күнү ага Кылмыш кодексинин 221-беренесинин негизинде күнөө тагылган. Ал эми Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасы боюнча аны камакка алуу сунушун канааттандырган эмес.

Учурда аталган компания Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын депозиттик эсебине 55 миллион 694 миң 283 сомду мамлекетке келтирген чыгым катары төккөн.

ГЭСтен суу агызуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө сууну үч тыйындан болсо да сатуу сунушталды
Аталган компания 2017-жылдын 1-ноябрда текшерүүгө алынып, бир катар эреже бузуулар аныкталгандан кийин кен казууга тыюу салынган. Бирок, 3-ноябрда Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан аныкталган кемчиликтер жоюлуп, салынган айыптар төлөнгөн соң, иши кайрадан жанданган.

"Бозумчак" жез-алтын кени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагында жайгашкан. Эксперттердин баасы боюнча, анда 146 миң тонна жездин, 23 тоннадан ашык алтындын жана 138 тоннага чукул күмүштүн кени бар. Кенди казакстандык "Казакмыс" корпорациясынын ал кездеги "Казакмыс Голд Кыргызстан" (азыркы "КазМинералзБозумчак") компаниясы 2008-жылдан тартып иштетип келет. Ишкана кенди 2028-жылга чейин иштетүү үчүн лицензия алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0