Chaarat компаниясынын "Кумтөрдү" сатып алуу ниетине Centerra жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЗолоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области
Золоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Chaarat Gold Holdings Кыргызстандагы эң ири делген кенге ээлик кылуу боюнча каалоосун билдирген.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы британиялык Chaarat Gold Holdings ишканасынын "Кумтөр" кенин сатып алуу боюнча билдирүүсүнө пикирин айтты.

Британиялык компаниянын маалыматында сатып алуу Chaarat Gold Holdings, Centerra Gold Inc. жана "Кыргызалтын" ишканасы болуп үч тараптын сунушталган келишиминин бир бөлүгү болуп калары айтылган.

Centerra компаниясынын маалымат кызматы алардын "Кумтөр" боюнча  эч бир мааниси жок бул сунушун алгандыгын айтышты.

ГЭСтен суу агызуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө сууну үч тыйындан болсо да сатуу сунушталды
Канадалык ишкана аталган сунушту "рыноктогу кызыл кулактык" деп баалаган. Компания өкүлдөрү Chaarat Gold Holdings кеңешчилери менен байланышып, бул сунуш аларды кызыктырбай тургандыгын айтышкан.

Centerra өкүлдөрүнүн кыргыз өкмөтүнүн расмий мүчөлөрү менен болгон жакынкы жолугушуусунда өлкөнүн аткаруу бийлиги мындай келишимге кызыкпагандыгын билдирген. Мындай маалыматты Centerra таратты.

Centerra Gold Inc. "Кумтөр" алтын кенинин 100 пайыздык акциясынын ээси. Ал эми кенди казып жаткан "Кумтор Голд Компани" анын туунду ишканасы. 2009-жылдагы келишим боюнча Центерранын 33 пайыздык акциясы Кыргызстанга таандык.

Британиялык Chaarat Gold компаниясы учурда Жалал-Абад облусундагы "Чаарат" алтын кенин иштетүү үчүн лицензия алып, бирок иштете элек.

19-марттан тарта Лондон биржасында Charaat компаниясынын акциялары 20,1 фунт стерлингден 24,15 фунт стерлингге чейин өскөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0