Өзбекстан эми Кыргызстанда автоунаа чыгара баштайт

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүRavon үлгүсүндөгү автоунаа. Архив
Ravon үлгүсүндөгү автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз тараптан өнөктөш болуп "Автоцентр Эстакада", ал эми өзбек тараптан GM Uzbekistan компаниялары чыгып жатат.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Өзбекстан келерки жылдан тарта Кыргызстанда Ravon үлгүсүндөгү эки түрдүү автоунаа чыгаруунун пландап жатат. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан сайты жазды. 

Агенттиктиктин кабарчысына өкмөттүн мүчөсү бул маалыматты билдирип жатып, учурда жабдууларды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айткан.

"Январдан тарта ишкананын ордун, жайгаша турган аймагын талкуулап баштайбыз. Кыргыз тараптан "Автоцентр Эстакада", ал эми Өзбекстандан GM Uzbekistan компаниялары биргелешип иштемекчи", — деген ал.

КРдин Экономика министри Артем Новиковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Артем Новиков: Өзбекстан кыргыз ишкерлерине 100 миллион доллар насыя берет
Өкмөт өкүлү автоунаалардын сынамык үлгүлөрү 2018-жылдын аягында чыгарылып каларын айткан.

Учурда GM Uzbekistan 10 түрдүү автокөлүктөрдү чыгарууда. Алардын төртөө седан — Nexia, Cobalt, Gentra и Malibu, ал эми экөө майда аз сарптаган Matiz и Spark, бир Captiva жолтандабасы, бир түрү минивэн — Orlando үлгүсүндөгү техникалар. Андан сырткары Damas кичиавтобусу менен Labo үлгүсүндөгү микровэн жасап жатат. Аталган компания Ravon автоунаасын экспорттойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0