Курсташына 18 жашында үйлөнгөн. Актёр Азиз Мурадиллаев тууралуу 6 факты

© Sputnik / Жоомарт УраимовАктёр Азиз Мурадиллаев. Архив
Актёр Азиз Мурадиллаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Жазылуу
Бүгүн белгилүү актёр, КРдин эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин туулган күнү. Кино жана сахна чебери 43 жашка толду.
Sputnik Кыргызстан агенттиги көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон таланттуу инсандын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Аккан арыктан суу агат. Азиз Мурадиллаев 1978-жылы 12-июнда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. Атасы Үсөн Мурадиллаев, апасы Анара Сыдыгалиева театр ишмерлери. Түгөйлөр борбор калаадагы Кыргыз драма театрынын алдындагы студияны, андан кийин Ташкенттеги театралдык окуу жайды аяктап, сахнада түрдүү образдарды жараткан. Ошол жылдары кичинекей Азиз дагы ата-энесин ээрчип жумалап гастролдордо жүрүп, тестиер кээде театрда балдардын ролун аткарып, тасмалардын дубляждарына катышып, радиодо балдар уктурууларын алып барчу.
Ата-энеси каршы чыккан. Мектепти аяктагандан кийин шаарда ишкерлик менен алектенүүгө аракет кылган, бирок баштаганы оңунан чыккан эмес. Ошентип өзүнүн жашоосун театрсыз элестете албаган жаш жигит Кыргыз драма театрынын алдындагы училищеде окуп, кийин өз аракети менен Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайына өткөн. Анын мындай чечимине ата-энеси каршы болгон. Себеби ал жылдары союз тарап, өлкө эгемендүүлүк алып маданият тармагы каралбай, искусство өкүлдөрү ара жолдо калган эле.
Студент ата. Актёр 18 жашында чогуу окуган курсташы Элвира Жумалиевага үйлөнүп, 19 жашында ата болгон. Россияда окуп жүргөндө атасы, апасы, келинчеги жана тун уулу Кыргызстанда болчу. Мекенге кайтып келгенден кийин бир эле маалда Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театрда, кыргыз жана орус драма театрларында иштеген учурлары да болгон.
Актер, режиссер, дастанчи Орозбек Кутманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Беш бала менен жесил калган. Орозбек Кутманалиев жөнүндө 6 факты
Көчөдө Бакыт, Темир, Алымбек... Мурадиллаев чыгармачылыкта өзүн көбүнчө театр актёру деп билет. Себеби ал 20 жыл бою сахнада жүрдү. Актёр "Манастын уулу Семетей" спектаклинде Семетейдин ролун эле 15 жыл катары менен аткарган. Ошондой эле "Ай тутулган түндө", "Каркыранын канаты", "Играем Андерсона" сыяктуу 40тан ашык спектаклде ойногон. Ал эми кинодо "Каракыз", "Сүйүү сынагы", "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Жараланган турна", "Президент жана бомж", "Курманжан датка", "Ата" тасмаларда роль жараткан. Актёр өзү жараткан образдары тууралуу маек берип жатып "менин чыгармачылыгымда "Курманжан датка" кинофильминде Алымбек датканын орду чоң экендиги талашсыз. Кээде мени көчөдөн кинодогу ар түрдүү аттар менен Эркин, Бакыт, Темир, Алымбек деп чакырышат" деп айткан жайы бар.
Оор илдеттен айыккан талант. Азиз Мурадиллаевге 2016-жылы дарыгерлер боордун 4-даражадагы циррозу (кара сарык — ред.) диагнозун койгон. Анда президент Алмазбек Атамбаев актёрдун операциясы үчүн 500 миң сом, андан кийин 414 миң сом бөлсө, Жогорку Кеңештин депутаттары да бир күндүк маянасын (231, 8 миң сом) которгон. Мындан сырткары, ырчылар концерт-марафон өткөрүп акча чогулткан. Ага биринчи операция Москвада, экинчиси Стамбул шаарындагы клиникада жасалган. Профессор-гепатолог Корай Ажарлы экинчи операциясын жасагандан кийин боорунун иштеши жакшырып, калыбына келе баштаганын айтып, алмаштыруунун кажети жок экенин билдирген. Дарыгердин жакшы кабарынан кийин Мурадиллаевдин үй-бүлөсү  буга чейин чогулган каражатты муктаж болгондорго таратып берген.
Гитара ойноп, каратэ менен машыккан. КРдин эмгек сиңирген артисти жашоодо өзүн жалкоо деп эсептейт. Гитарада мыкты ойнойт, окуучу кезинде каратэ менен дагы машыгып калган. Өмүрлүк жары менен учурда театрда иштеп, экөө 14 жана 24 жаштагы эки уулдун ата-энеси.
Жаңылыктар түрмөгү
0