Кан кеткенде Орозбек Кутманалиев ыйлап жиберген. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Тоодон карагай сүйрөп келе жатып сууга кулаган атты тургузууга аракет кылган белгилүү актёр Асанкул Куттубаев менен Орозбек Кутманалиевдин сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак капчыгайында тартылган.

Ал жылы белгилүү режиссёр Болот Шамшиев жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" тасмасын тартууга киришип, ал эмгекти жаратууга улуу инсандар катышкан.

Шамшиев көзү тирүү кезинде сүрөттөгү эпизод жөнүндө буларды айтып берген эле.

"Небересин окуудан алып келүүгө шашкан Момун чалды Орозкул сабап жиберген, ошол сценаны элдин баары жаман көрүп калган. Аны тартуу абдан оор болуп, бир нече дубль тартканбыз. Себеби кинодо Орозкул зөөкүр болсо, жашоодо аябай ак көңүл адам болчу. Актёр абышканы урбай койгондо ачуум келип кыйкырганда аны чаап жиберген. Аксакалдын оозун канга окшош суюктук менен толтуруп койгонбуз. Ал эпизод тартылып, Асанкул Куттубаевдин оозунан кан кеткенде Орозбек Кутманалиев ыйлап жиберген", — деген Шамшиев.

Анда Кутманалиев 41 жашта, Куттубаев 60 жашта эле.

Ал эми аталган кинокартинанын оператору, КРдин эл артисти Манасбек Мусаев ошол учурду мындайча эскерет:

Народному артисту КР, режиссеру Болоту Шамшиеву — 75.  Неизвестные фото за кадром - Sputnik Кыргызстан
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт
"Сүрөттөгү эпизодду кыйынчылык менен тарканбыз. Бийик тоолуу аймакта, күзгө жакын иштеп Асанкул аксакал тоонун шыргалаң суусун жылаңайлак кеччү. Ал киши арыктан чыкканда эле биз бутун жылуулап, арак шыбай калчубуз. Кутманалиев кинодо баласы жок адамдын ролун ойносо, жашоодо он баланын атасы эле. Абдан мээримдүү, ак көңүл, балдарды жакшы көрчү. Фильм соңуна чыкканда көрүүчүлөр жакшы кабыл алып, прокатка чыкканда республика боюнча биринчи орунду алган. 1970-жылдары төрт миллион калкы бар Кыргыз ССРинде 2,5 миллиондой адам көргөн. Мындайча айтканда, ар бир экинчи кыргызстандык кинотеатрга биздин кинофильмди көргөнү келген. Менимче, андай ийгиликке жеткенибизге, биринчиден, Чынгыз Айтматовдун чыгармасы экени себеп болду. Экинчиден, актёрдук курамдагылар өз ишинин чеберлери эле", — деди Мусаев.

"Ак кемени" тартууга 600 миң рубль бөлүнүп, басымдуу бөлүгү Чоң-Жаргылчак капчыгайында тартылган. Анда Турсун Уралиев, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Назира Мамбетова, Чоро Думанаев, Айтурган Темирова жана Нургазы Сыдыгалиев роль жараткан.

Тасма 1976-жылы IX Бүткүл союздук кинофестивалда баш байгеге татып, СССР Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. Андан сырткары, 1977-жылы Италияда "Алтын Эдельвейс", "Күмүш лачена" сыйлыктарын уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0