Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Колуна "Карачолок" аттуу бүркүтүн кондуруп алган залкар манасчы Саякбай Каралаев менен СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин эл артисти Болот Шамшиев жана киночулардын сүрөтү 1964-жылы Ысык-Көл облусунда "Манасчы" тасмасын жаратууда тартылган.

Ал жылы болочоктогу атактуу режиссёр манасчылык өнөр жана Саякбай Каралаев жөнүндө алгачкы тасмасын тартууга киришкен. Эмгек анын Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтун бүтүп жаткандагы дипломдук иши эле.

СССРдин эл артисти Болот Шамшиев көзү тирүү кезинде ошол учурду мындайча эскерген:

"Тасманын сценарийин 22 жашымда жазгам, дипломдук ишим болчу. Башында тасма тартуу сунушум менен кайрылсам Саякбай Каралаев каршы болгон эмес. Ошентип жанында эки жылдай жүрдүм. Ал жылдары манасчы башынан оор күндөрдү өткөрүп жүргөн. Уулу Чубак бир баланы бычак менен сайып алып, 14 жылга эркинен ажыратылган эле. Ага карабай өзгөчө өнөр ээси сунушту түшүнүү менен кабыл алган. Анда жарым миллиондон ашык сапты жатка билген манасчы 70 жашта болчу", — деген ал.

Жаш режиссёрдун сценарийине Улуттук илимдер академиясынын академиги, искусство таануучу Азиз Салиев жардамдашкан. Кинофильмди жаратууда операторлук кызматты Нуртай Борбиев менен Александр Петров аткарган.

Болот Шамшиев өмүрүнүн аягына чейин "Манас" эпосу жөнүндө тасма тартууну эңсеп, узак убакыт каржы булактарын издеп, мыкты кинокартинаны көрүүчүлөргө сунуштоого далалат кылган. Анын уулу Чыңгыз Шамшиев атасынын дүйнөдөгү эң ири эпосту экрандаштырууга аракет кылып жүрүп дүйнөдөн өтүп кеткенин айтты.

СССРдин эл артисти, атактуу режиссёр Төлөмүш Океев, КРдин эл артисти Гүлсара Ажыбекова жана Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, таланттуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү 1975-жылы Чүй облусунда тартылган - Sputnik Кыргызстан
Ажыбекованын тушоосун кескен Океев менен Чокморов. Залкарлардын таберик сүрөтү
"Атам кесиби боюнча кинорежиссёр жана документалист, архивдик материал, сүрөт, видео менен иштөөнү мыкты билчү. Ошондуктан ал жараткан эмгектер сөзсүз ийгиликтерди багындырчу. Тартуу иштерине дыкаттык менен даярданып маалымат чогултуп, тарыхчылар менен иштеп, каармандарынын кийим-кечесин, жашоо-турмушун ошол учурдагыга окшоштурууга аракеттенчү. Азыр биздеги көптөгөн режиссёрлорго ошондой аракет, жөндөм жетишпей жатат. Мындан улам фильмдерде бир топ дал келбестиктер, так эмес маалыматтар кетип калууда. Ал эми "Манас" жөнүндө сөз кылсам, атам жазуучунун үй-бүлөсүндө өскөн. Чоң атам Төлөн Шамшиевдин үйүнө Темиркул Үмөталиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов көп келчү. Алардан элдик оозеки чыгармаларды, эпостор жөнүндө баяндарды угуп чоңойгон. Кийин эгемендүүлүк жылдары ал жөнүндө тасма тартууга аракет кылып акча издеп жүрдү. Көзү тирүү кезинде "Манасты" эң мыкты инсан гана тартыш керек. Бул вазийпаны тарыхты, эпосту билбеген бирөөгө табыштап, элди уят кылбаш керек дечү. Себеби "Манас" ал үчүн ыйык нерсе эле", — деди Чыңгыз Шамшиев.

"Манасчы" даректүү тасмасы Ысык-Көл облусунун Бостери, Ак-Өлөң, Темир айылдарында бир жылда тартылып бүтүп, 1965-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, ошол эле жылы Германиянын Оберхаузен шаарындагы эл аралык сынакта баш байгеге татыган. Кийинки жылы Киевдеги Бүткүл союздук кинофестивалда илимий-популярдуу тасмалар арасында да сыйлыкка ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0