06:40 18 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Акын Гүлжамила Шакирова. Архивдик сүрөт

Шагылда чуркаган кайберендерди сагындым. Гүлжамила Шакированын айылга каты

© Фото / МО Турксой
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)
242 0 0

Боз топурактуу көчөлөрдү чаңдата ойноп, жайлоодо жаратылыштын музыкасын тыңдап чоңойгон акын Гүлжамила Шакирова айылына кат жазды. Жапыздап кеткен тоолорду издеп, жепирейген тамдарды таппай калганын, балалыкка болгон сагынычын баяндады.

Мен тоолуу Нарын областынын Ак-Талаа районунда эки тоонун ортосунан орун алган кичинекей Жаңы-Тилек деген айылында туулуп өстүм. Мени көргөндө, бир кезде ошол жерде өткөн балалыгымды айылымдын тоо-ташынан тартып бак-дарактарына чейин баары эстеп турган сыяктуу сезилет.

Ошон үчүн менин жан-дүйнөмө тынчтык бербей ойлонткон, толгонткон ушул катымды, айылымдын тоо-ташы, бак-дарактарына, бешиктеги баладан бели бекчейген карыяларына чейин бакубат өмүр, бактылуу турмуш каалап жолдоп олтурам.

Кичинекейимден чоң ата, чоң энемдин колунда эч нерседен кем болбой эрке чоңойдум. Алар мен төрөлө элек кезимден эле колхоздун малын баккандыктан, кыштактан окчун жердеги чоң атамдын өзүнүн атасынын илгерки боз жалпак тамы турган жерге колхоз кичинекей сарайча салып беришкендиктен кыштообуз да, жашообуз да ошол жерде болор эле. Анан ал жерде дегеле мени менен ойной турган балдар жок эле.

Көрүүчүлөрүм — музоо, козу-улактар болуп...

Ошентип, мен 4-5 жашка чыккандан баштап зериккенимден козу-улактарды эрмектеп ойной баштадым. Айрыкча, жазында төл убагында жалаң козу-улактар менин досторум болчу. Алар менен кичине ойноп койсом, маарап сүзгүлөп аркамдан ээрчиген учурлар эсимде. Ошентип алар менин нагыз досторум болуп калды. Эшикке чыктым дегиче, мен кайда барсам, алар кошо артымдан жүгүрөт. Музоонун ноктосуна сары, сыя көк гүлдөрдү тагып берип, өзүм да гүлдөн тегерек кылып башыма кийип алып концертимди баштар элем. Алардын маңдайына туруп алып, "мен силердин артисиңермин, кол чапкыла, ырдап берейин" деп үнүмдүн болушунча кыйкырып ырдай берчүмүн. Алар бир нерсе түшүнгөнсүп баштарын чулгуп коюп мени карап турушаар эле. А мен жакшы көрүп кетип баарын кучактап алып өпкүлөй берчүмүн. Сырттан караган кишиге кичинекей жалгыз кыздын козу-улактарды өпкүлөп жүргөнү бир жылуу, бир сонун көрүнсө керек...

Ал досторум чоңоюп жайлоолоп кеткенде, менин эриккенимди байкаганбы, чоң энем чий куурчак деген дүйнөнү ачты. Кантип жасоо керектигин да үйрөтүп койду. Ошондон кийинки эрмегим ошол оюнчуктар боло баштады. Жайлоого чыкканда, чоң атам мал жайып кетет, чоң энем үй иштери менен алек болот, мен өзүм каалагандай чий куурчактарды жасап алып, аларды бири-бирине дос кылып, тууган кылып, атасы-энеси кылып, алар менен кадимки адамдар менен сүйлөшкөнсүп сүйлөшүп. Өзүм менен өзүм болгон, чий куурчактар менен өткөргөн бир дүйнө мага азыр да кызык, азыр да ысык. Ошентип менин баштапкы балалыгым абдан таттуу өттү десем болот.

Каадалуу кишидей караан болуп...

Тоого биринчи чыкканым али эсимден кетпейт. Менден кийинки сиңдим экөөбүз кой издегенбиз. Бизди койду тапкыла деген киши деле болгон эмес. Болгону кабатырланып жаткан апабыздын сөзүн угуп алып эле, шылтоо менен кыштакты курчап турган тоонун бир тарабына чыгып кеттик.

Мен анда 9, сиңдим 7 жашта эле. Ал коркконунан ыйлап, энтигип алган. Жерди карасак кулап кетчүдөй, тырмышып өйдөлөп баратабыз. Мен аны сүйрөп араң чыктык. Анын үстүнө биздин айылдын тоосу абдан тик келет. Үстүнө чыксак, жанагыдай жанды оозго тиштетпей жайык экен. Шамал дароо оозу-мурдубузга толо түштү. Бизге аз жерден учуп кете жаздагандай сезилди. Сиңдим эси чыгып карап турду, али кичинекей эле да. Мен аны кайраттандырыш үчүн улуулардан уккан тоо жөнүндө жакшы кептерди айткан болдум.

"Ким тоого чыкса, аны үстүбүздө карап турган Көк Теңир булар бийиктеди, башы мага жетти, ал кыйын адам болот дейт экен", — дедим, көптү билген немедей. Дагы алаксытып, дем берген сөздөрдү айткан бодум.

Анан бөбөгүмдү алаксытууга кириштим.

"Тигине, кыштактагыларды карасаң, алар кандай гана кичинекей болуп калышты. Ал тургай элден бойлуу, олбурлуу болуп жүргөн чоң атам минген аты менен кошо кипкичинекей болуп калыптыр, көрдүңбү. Баардыгы кичинекей, экөөбүз аябай чоңбуз", — деп сиңдимди коркконун басыш үчүн алаксытып жаттым. Ал чын эле менин кебиме муюп, асманга төбөсү тийгени калгандай башын өйдө көтөрө көктү карады. Анда биз тоонун үстүнө эмнеге чыкканыбызды да унутуп коюп, кыштакты төбөсүнөн караганга жыргап олтура бериптирбиз. Ошондо тоого чыгаарын чыгып алып кайра түшө албай кыйналганбыз. Сиңдим аз жерден кулап кете жаздап, бакырып ыйлап кирди. Анын ыйлаган үнү жердегилерге даана угулгандыктан, апабыз өзү чыгып келип энтигип, калтырап-титиреп олтурган бизди сүйрөп алып түшкөн. Анан тоодон түшүп келгенден кийин апабыздан "Эй, ээн баштар, силерди кой издеп келгиле деп ким жиберди, тоодон учуп өлсөңөр эмне болот эле", — деп жеме да укканбыз. Ошондон кийин далайга чейин тоого чыкпай калдык.

Мезгил кичирейтип, а мен үчүн чоң бойдон калган мектебим

Мектепте окуп жүргөндө 19-майды Бүткүл союздук пионерлер күнү деп салтанаттуу белгилечү элек. Ошол күнү бөксө тоонун үстүнө Улуу от жакканбыз.

Пионер демекчи, алгачкы билимканага барган жол, алгачкы коңгуроо кагылган күн да эсимде... Кичинекей Жаңы-Тилек деген айылымда болгону төрт жылдык чакан мектептин босогосун алгач аттагам... Азыр деле ал мектебибиз, мугалимдер үчүн жашай турган жай катары пайдаланылууда. Болгону алты бөлмөсү, узун коридору бар эле. Ошол мектеп азыркы көз менен караганда, көзгө комсоо, кичинекей көрүнгөнү менен убагында биз үчүн абдан чоң эле көрүнчү. Кийин заңгыраган он жылдык чоң мектеп салынганда, анын жанында аябай эле кичинекей көрүнүп калганы мага кызыктай сезилген. А бирок менин алгачкы сезим-туюмумда чоң терезелери бар, жарык жана эң эле сүйкүмдүү билим берген жай катары калды.

Чоң энем, кызыл тасма жана коңгуроо

Мени да алгач ошол мектепке чоң энем жетелеп барган. Анда менин тармалданган чачтарымдын өрүлгөн учтарында кыпкызыл лента байлануу болчу. Бантик дегенибиз кийин пайда болду. Мектепке ылайыкталган форма-фартук, азыркыдай папка, сумкалар кайдан болсун. Чоң энем портфелге окшоштуруп тигип берген баштыкка алиппе жана дептер, анан карандаш салып алып, чоочуркай басып мектепке барганым алигүнчө эсимде... Алгач, бизди тосуп алган кара костюм кийинген мугалим эжей эшиктин алдына жыйын өткөргөн. Биринчи жолу мектеп босогосун аттагандарды Билим күнү менен куттуктап, класстарга кирүү үчүн сары жез коңгуроону өз колу менен далайга шыңгыратып кагып турган эле. Анан балдарга кайрылып коңгуроонун кагылышынын жол-жобосун түшүндүргөн.

"Балдар, бул коңгуроо танапис болгон сайын эшикке чыгып, анан кайра кечикпей класска кирип туруу үчүн кагылат. Коңгуроо үнү чыкканга чейин даяр болуп, кечикпей келип жүргүлө", — деген мээримдүү сөздөрүн айткан. Анан баарыбыз парталарга олтургандан кийин маңдайыбыздагы илинген досканын үстүндөгү жылмая карап турган Компартиянын идеологиясынын башында турган Лениндин сүрөтүн көргөнбүз. Сүрөттүн алдында "Окуу, окуу жана окуу" деген бадырайта жазылган насаат сөз туруптур.

Аны кийин бизди алгач тосуп алган эжейибиз өзүн тааныштырып бүткөн соң, "балдар, мына бул жазууда айтылып тургандай, пролетариаттын башчысы Ленин атанын ушул сөзүнө татыктуу болуп окугула!", — деген. Пролетариат деген эмне экенин түшүнө бербесек да, болду болбоду бул киши да мугалимдердин башында турган киши окшобойбу деген ойдо, сүрөттөгү колун көтөрүп жылмая карап турган Ленин атаны дагы бир жолу далайга чейин аңкая тиктегенбиз. Башканы билбейм, мен алгач ошентип эле ойлогом.

Ошентип биздин билимге болгон алгачкы умтулуубуз, кадам таштоо багытыбыз башталган. Алгачкы ийрейип жазылган тамгалар менен, "ата атка така как" деген сүйлөмдөр күнү бүгүнкүдөй эсимде. Биз ошол тамгаларды кооз, сулуу кылып жазмайынча кайра-кайра жазуудан тажачу эмеспиз.

Кийин 5-класска кирер жылы жайкы каникулда жайлоодо болуп калдым. Анда көпчүлүгүбүздүн эне-атабыз малчы болгондуктан жайкы каникулга чыгаарыбыз менен жайлоону карай жөнөчүбүз. Жайлоонун керемет күндөрүндө ышкын терип, кемирчек казып жеп, жайлоонун ырахатына батчубуз...

Айрыкча эртең менен, күндүн нуру жаңы гана чачырап агылганда, боз үйдүн түндүгү тартылып, жылкычы жылкысын кайырып, жеңелер бээ сааганга даярданып, энелер шартылдата уйларын саап бүтөт. Сүт бышырылгандагы көк түтүн түндүктөн көтөрүлүп турганы бир керемет көрүнүш болуп көз алдымда калды. Айрым убакта малчылардын балдары чогулуп, качма топ ойноп, ай толгондо ак чөлмөк ойногонго чыкчубуз.

Жай бою бош жүргөндөн зеригип калган жаныбыз эртерээк эле окуу башталса экен деп сагынып келер элек. Эсимде, сентябрга 15 күн калганда кыштакка келгем. Келип эле мектептин терезесинен бут алдыма кирпич таап келип коюп алып, сырдалып таптаза болуп турган өзүм окуган бөлмөнү далайга карап тургам. Ошондогудай мектебимди, класстык бөлмөмдү, анан олтурган парталарды эч качан сагынган эмесмин. Анан балалыгымдын баштапкы элесинде калган жайлоонун жапжашыл тоолорунун керемети эч бир көз алдымдан өчпөйт. Аларды мен өзүм жалгыз бир жерге ыңгайлашып алып карап олтурганды жактырчумун. Анткени ошондой табият чебер жасалган сахнанын көрүнүшүн көзгө тартчу. Айрыкча жайдын толуп турган кезинде тоолор улам-улам кубулуп, көшөгөсүн алмаштырып тургандай боло берчү. Тоо койнунда жел жүрсө, гүлдөр желпилдеп бийлешет, карагайлар шуулдайт. Кайберендер шагылдарды кулатып, зоокалардан чуркап өтөт.

Анан кайдан-жайдан кара булут сүрүлүп келип, чагылган чартылдап, күн күркүрөйт да шатыратып мөндүр сабап жаап кирет. Ат кулактар дабырап кол чаап жаткандай болот. Ошол учурду сезиминен өткөрүп байкаган адамга жаратылыштын музыкасы ойнолуп жаткандай болот.

Менин сезимиме ошондой элес калтырган тоолордун ошондой толкуган улуу дүйнөсүн сагындым...

... Андан бери далай мезгил агылып, биз бой тартып, айылдан учуп чыктык. Турмуш-шартка байланыштуу айылдан таптакыр алыс борбордо жашап калдык. Анан сагынычым жыйылып, же туугандардын жакшылыгына айылга барып калганда, баягы балалыктын эсте калган сүртүмдөрүн эстеп алам...

Азыркы айыл такыр башка

Бул күндөрү айыл адамдары такыр башка. Кечээги мен курдуулар айыл аксакалдары болуп калышкан. Андагыдай шатыра-шатман дүйнө жок, жайлоологон жан да жок. Айрымдар айдап алган жери, бир даары соода-сатык менен алектенип, көр оокаттын кулу болуп калгандай сезилди. Андагы асылдыкка жуурулушкан, баео момун аталар менен энелердин карааны да калбай калган. Баягы кыштакча кеңейген да, чоңойгон. Азыр ал жерде баягыдай боз жалпак тамдар эмес, заңгыраган үйлөр салынган. Жолдору да андагыдай чаңы сапырылбай, таш төшөлгөн. Кыштактын эки тарабында баягы тоолор турат. Алар эмнегедир баягы биз бала кезде чыккандагыдай бийик деле эмес, бир аз жапырайып калгандай. Мен айылга кирип баратканда эле биринчи тоолорго салам берип учурашам.

"Э-эх, касиетиңерден айланайын тоолорум, мени чыдамсыздык менен күттүңөрбү, мен да силерди сагынып келдим! Анан кучакташып көрүшөм!", – деп толкунданып айтып алып, кээде өзүм да байкабай калам. Антпесем алар таарынып калчудай сезиле берет. Анан да алар байыркы чоң ата, чоң энелеримдей амандыгымды сурап, көз ирмебей карап тургансыйт...

Алыста да алар мага дем, кубат берип турушат. Ошондуктан саламымды биринчи тоолорго жиберем да, анан бир туугандар менен айылдаштарга арнайм.

Урматым менен кызыңар, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Гүлжамила Шакирова.

Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)

Тема боюнча

Муратбек Бегалиевдин айылга каты. Миң-Куштагы мөлтүрөгөн Александра, кырдагы өспүрүм
Бек Борбиевдин айылга каты. Чөнтөктөгү жыландар, эшикке качкан эжелер
Белгилер:
жайлоо, сагыныч, акын, айылга кат, Ак-Талаа району, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ