Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулуп өскөн.
Дарыгерликке түрткөн таажеңенин төрөтү
Балалыгым согуш убагына туш келди. Ошол кездеги мугалимдер бизге кудайдай көрүнчү, алардын катардагы окуу жайдан да окубаганын кийин билдим. Дептер, калем жок, китепке жазчубуз. Сыя ордуна тоонун карагатын эзип чиймелечүбүз. Керебет, шейшеп, бут кийим, кашык, вилка, чыны дегендерди көргөн да, уккан да эмеспиз. Айылда бир орус жок болчу.
Мектепти ондой бала бүтүрдүк. Борбордогу медициналык институттан үгүттөөчүлөр келди. Биринчи болуп мен окуйм дедим. Тапшырып алып аябай кыйналдым. Окуу деген бир азап экен. Орусча билбейбиз, ага кошул-ташыл медицинанын тилин түшүнбөйбүз. Эми адам жеңбей турчу эч нерсе жок. Асмандан даяр түшө калган жокпуз, аракет кылса көздөгөнүңдү алат экенсиң. Азыр менде сыйлык-наамдын баары бар. Бир гана Манас ордененин II даражадагысын алган жокмун (I, III даражадагысы бар).
Кудайдын көзү түз болду. Хирургиям биринчи күндөр тарта зымга тизгендей кетти. Болбосо кыялым чатак, орой, ачык сүйлөгөн кишимин.
Энемди эстесем ыйга муунуп кетем
Ата-энем сабатсыз адамдар эле. Колхоздун малын багып, чарбачылык менен оокат кылышкан. Экөө тең момун кишилер болчу. Атам 93, энем 85 жашында каза болду. Атам согуштан колу жабыркап II топтогу майып болуп келди. Өлгүчө бир тоголок дары ичип койгон жок. Оорудан эмес, карылыктан өлдү го.
Энем жалпысынан 17ни төрөгөн. Тирүү калгандары төртөө болдук. Карындашым сексенден ашып өлдү, дагы бир карындашым андан эртерээк кетти. Кичүү карындашым 75 жашта.
Ата-энем менин жакшылыгымды аз эле көрүштү. Шаардан там салганда маалы менен чакырып колдон келишинче сыйлап жүрдүм. Ошенсте да жакшылыктарын актай алган жокмун го… Дагы тирүү турса көкөлөтмөкмүн деп калам.
Агезде үй деле жок, сарайда жашачубуз. 70-жылдары жер титирегенде сарайдан да жарака кетиптир. Мен "тийбегиле, музей болсун" дегем, ал жакка керек болсо мал да киргизилген жок.
Арактын стаканын ташка чаап сес көрсөтүп…
Кыял ата-энеден берилбейт экен. Чынын айтсам тарбия деле көргөн жокмун. Атам согушта жүргөндө 13 жашта элем. Бир да киши тигини жаса, муну жаса деп оокат кылганды үйрөткөн жок. Күнүнө 50 сотых жер чапчумун. Колхоз нормадан эки эсе иштейт деп эки бадабот (чоң чыны) жарма берчү. Бир нерсени баштасам аягына чейин чыгарган сапатым азыр да бар. Өмүрүмдө арак, тамеки дегенди кармап да көргөн эмесмин. Хирургдар кандай ичет билесиңерби? Эшикте бейтаптын туугандары чогулуп турат, чыгаарың менен "чай ичип кой" деп сыйлаганын койбойт. Күнүгө бекер арак. Көңүлчөөк болсоң бир жылда аракеч болосуң. Ичпейм деген бир сөз!
Жашыраак кезим эле. Айылдагы дүкөнгө баратып теңтуштарыма кезигип калдым. Арак ичип отурушкан экен. Ташты дасторкон кылып ортого гезитке салынган тузду коюп алышыптыр. Мени "канча болду көрүшө элегибизге" деп көккө ыргытып тосуп алышты. Агезде майда стакандар жок эле, чоң стаканга куюшту. Ичпейм десем, "бул доктур, жашаганды билет, биз арактын түшүнө түшүп өлөбүз да" деп какшыктап киришти. Көпкө чейин чыдап "болдугула" деп тургам. Бир маалда жиним менен стаканды ташка чаптым эле сыныктары беттерин тилип кете жаздады. Эстерине келип тып эле басылышты. Өздөрү деле кыялым чатак экенин билишчү. Азыр мени алып кой деп бир да киши айтпайт. Кыстагандан ууртап койдум деген болбогон кеп.
Классташ кызга аз жерден үйлөнүп кала жаздагам
Биздин класста жалгыз кыз бар болчу. Бир топ алыс жактан келип окучу. Мамилебиз жакшы эле. 7-9 класс кезибиз болсо керек. Кыштын күнү боз үйдө отурсак эшикте атчан кыз чакырып жатат деп калышты. Чыксам баягы кыз мени күйөөгө бергени жатышат деп ыйлайт. Менде ал кезде үйлөнөм деген нерсе оюма да келген эмес, анан "ой бара бербейсиңби" дедим. Ушунчалык кедейбиз, жерге эле жатчубуз. Кайра кызга боорум ооруп эртең жолугалы дедим. Энем менен чоң атамдын чакырып кеңешсем "ала бер, эчтекеге караба, кудай берет" деп сүрөп киришти. Кызга бир жумадан кийин бармай болдум. Ал дагы энесин көндүрөм деп калды. Кыштын күнү чана менен эки теңтуш баланы кошуп алып жөнөдүм. Эртең менен чыгып кечинде жеттик. Анда тыртыйган арык баламын да, тон, жаман шым, тумак. Энеси үйүнө алып кирип "ие айланайын, катынды эмне кыласың, сенин итиң да жок. Кызымды бербейм, убара болбо. Түнөп алып көзгө көрүнбөй жогол" деди. Ой бир тымтырстык каптады. Кыз болсо бакырып ыйлап "энемди байлап коюп кетип калалы" дегенинен кой деп макул болгон жокмун. Жатып алып эртеси кетип калдык.
Эки күндөн кийин баягы киши "айланайын Мамбет, кечир. Ата-энем кыстаган үчүн алам деп бардым эле. Ал кыз сеники, мен барбайм, албайм дагы" дейт. Бүттү, мен да барбайм деп кесе жооп бердим. Башында сөзгө сындырган кыздын энесине рахмат, болбосо азыр алардан бала-чакалуу болуп отурмакмын да. Кедейчиликтин пайдасы ушул болду.
Мектеп директоруна өмүр бою рахмат айтам!
Илгери талаадагы эгинди жыйнап мамлекетке өткөрчүбүз. Мектепти бүтпөй эле бөбөктөрдү багуу үчүн ошол жакта иштемей болдум. Он күндөн кийин директор келип "сен эле кыйналып жатыптырсыңбы, дүйнө аксап турат" деп кайра мектепке кайрып алгысы келди. Орой жаным "неге мага жабышып калдыңыз" деп кагып салдым.
Бир күнү мени иштегилер Ак-Тузга (Чүй) которобуз деп калышыптыр. Үйгө келсем буркурашты. Барбасаң камап коюшчу. Жетекчиге кирип ордумда калтырууну сурансам көнгөн жок. Анан мектепте окуйм деген шылтоо менен калып калдым. Көрсө мектеп директору мени ушинтип коркутуп алып калуунун айласын тааптыр, аны кийин угуп жатпаймынбы. Директорго азыркы кезге чейин ыраазычылык айтып, өмүрү өткүчө сыйладым.
Жаштарга ыраазымын
Айылды эч унутпаш керек. Жылына эмгек өргүүнүн эки жумасын Көлгө арнайм. Жамандык-жакшылыктарды калтырбайм. Барсам инилерим тосуп алат. Аларга машина, трактордон бери алып берип жардамдашам. Келинчектери да жакшы.
Кудайга шүгүр, ичкиликтин саны азайган заман. Өз турмушу менен кумурскадай эмгектенген жаштарды көрүп ыраазы болуп кайтам.