2000дей кыргызстандык барчу Camel Fest. Сауд Аравиядагы фестивалдын таржымалы

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище "Кырчын"
III Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы күндөрү эки миңдей кыргызстандык "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестиваль менен Сауд Аравияда өтө турган Camel Fest фестивалына катыша турганы белгилүү болду.

Иш-чара 9-марттан 23-мартка чейин өтөт. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт.

Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Курдан кармап, торой чаап... Кыргыз күрөшүнүн балбандары жеңишке кантип жетет
Sputnik бүйүр кызытып жаткан Camel Fest тууралуу фактыларды чогултту. Материал редакциянын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйынга катышкандардын айтканы боюнча даярдалды. Жыйынга фестивалды кыргыз тараптан чогуу уюштуруп жаткан Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын президенти Аскат Акибаев, ушул эле конфедерациянын илимий бөлүгүнүн жетекчиси Канат Мамбеталиев жана "Көчмөндөр ааламы" маданий-театралдашкан долбоорунун башкы режиссеру Алтынбек Максутов келген. Ал эми айрым фактылар интернеттен алынды.

1. Camel Fest кимге таандык?

Төө фестивалы 2017-жылы негизделип, Сауд Аравиясынын падышасы Абдул-Азиздин (King Abdulaziz Camel Festival) ысымын алган. Бийлик тарабынан каржыланган иш-чара жыл сайын Эр-Рияд шаарынын Аль-Саяхид айылында өткөрүлүп, бир айга чейин созулат. Фестивалдын программасында төө чабыш, төөлөрдүн талантын көрсөтүү, төөнүн терисинен жасалган буюмдарды көргөзүү каралган. Жыйынтыгында эң мыкты жаныбар тандалат. Интернеттеги ачык булактарга таянсак, байге фондусу 57 миллион доллар, ал эми фестивалды көрүүгө күн сайын 35 миңге чукул адам келет.

Төө фестивалынын комитети (Camel Club) 2019-жылдан тарта эл аралык макамга ээ болгон. Тагыраагы, комитет быйылкы фестивалдын алкагында 100дөй мамлекет менен биргеликте маданий жана спорттук программаларды тартууламай болду.

Эл аралык этнофестивалдар 9-19-март күндөрү өтсө, төөлөрдүн фестивалы 24-мартка чейин созулат.

2. Сауд Аравияга 2000дей кыргызстандык чакырылды

III Всемирные игры кочевников. 6 день. Кок-бору (Финал). Кыргызстан — Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Аалам аралап кеткен Көчмөндөр оюндары. Иш-чарадан мыкты 10 сүрөт
Сауд Аравиянын Төө фестивалын кыргыз тараптан чогуу уюштургандардын бири Аскат Акибаев жетектеген Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясы болуп эсептелет. Анын айтымында, фестивалга чакырып жаткан тарап кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлсө, башка мамлекеттерге 15-20дай адамга чакыруу жиберилгенин белгиледи. Кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравияда 15 гектар жер бөлүнүп, учурда ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулуп жатат. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери белен, мал-жаны багылуу болот. Кыскасы, чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрмөкчү.

Кыргызстандыктарга мынча көп квота берилишинин себеби — биринчиден өлкө уюштуруучулардын бири болуп саналат. Экинчиден Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясы буга чейин көп мамлекеттер менен иштешип келген, анын ичинде Сауд Аравиясы дагы бар. Үчүнчүдөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюдары бир топ мамлекеттин көңүлүн бура алган.

Өлкө делегациясынын 700үн маданият өкүлдөрү, 500дөйүн спортчулар, калганын техникалык кызматкерлер, кол өнөрчүлөр, федерация өкүлдөрү, уюштуруучулар түзөт. Чыгармачыл топ жана спортчулар менен бирге Кыргызстандан Сауд Аравияга ат, ит, топоз жана куштар дагы барат. Буга байланыштуу үч рейс каттайт.

Ошондой эле бийликке да ири фестивалды көрүп кетүүгө чакыруу жиберилгени айтылды. Жергиликтүү ЖМКлар иш-чараны чагылдырууга тартылган жок.

3. Кыргызстандыктар "Көчмөндөр ааламы" этнофестивалы менен барат

Төө фестивалына катыша турган мамлекеттер ар кандай аталыштагы программа менен барат. Кыргызстандыкы "Көчмөндөр ааламы" эл аралык этнофестивалы деп аталмакчы. Белгилей кетсек, "Көчмөндөр ааламы" Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун маданий программасынын бөлүгү болуп эсептелет. Иш-чара былтыр Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы Nomad амфитеатрында 3-7-сентябрь күндөрү өткөн. Фестивалдын программасында "Этнохит", "Этнобий", "Этносаркеч", "Этнобазар", "Этноүй", ошондой эле айтыш өнөрү боюнча конкурс камтылган. Мындан сырткары, этнофестивалга катышкан өлкөлөр тарыхын, элинин турмушун жана маданиятын чагылдырган улуттук маданий программаларын тартуулаган.

Анткен менен Сауд Аравиядагы Төө фестивалында тартуулана турчу этнофестивалдын айрым жерлери өзгөрө турганын "Көчмөндөр ааламы" маданий-театрлаштырылган долбоорунун башкы режиссеру Алтынбек Максутов билдирди. Маселен, "Этнобазар" программасына 50дөн ашык мамлекеттин өнөрпоздору катышып, эл аралык деңгээлде өтөт. Дагы башка программалар ийне-жибине чейин такталууда. Кыргызстандан бара турчу 700дөй чыгармачыл топтун курамын ырчы, бийчи, каскадер жана аспапта ойногондор түзөт.

4. Этнофестивалда алатоолук спортчулар кандай өнөр көрсөтөт?

Фестиваль Наадам в Улан-Баторе - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнунда балбандар бох боюнча мелдешет. Өзгөчө күрөштүн жол-жобосу
Интернеттеги ачык маалыматтардан дал ушул Camel Fest фестивалынын алкагында өтө турчу "Көчмөндөр ааламы" этнофестивалын спорттук оюндар боюнча жобосун табууга мүмкүнчүлүк болду.

Жободо улуттук күрөш түрлөрү боюнча мелдештер, жеке кармаштар жана салттык интеллектуалдык оюндар боюнча беттештер өткөрүлүп, дүйнөнүн чар тарабынан келген спортчулар катышат. Ал эми көргөзмө оюндарды кыргызстандыктар гана тартуулай алат.

Мелдештердин тизмеси

Улуттук күрөш түрлөрү: алыш, гореш, гуштини мили камарбанди, гюлеш, кураш, кыргыз күрөш, монгол бох, самбо, ссирым жана көчмөндөрдүн улуу күрөшү.

Жеке кармаштар: маст-рестлинг, армрестлинг жана аркан тартуу.

Интеллектуалдык оюндар: тогуз коргоол, овари.

Көргөзмө программадагы оюндар: көк бөрү, эр эңиш, жигитовка, көчмөндөрдүн улуу кармашы, салттуу жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу, бүркүт салуу, далба, тайган жарыш, ордо, айкүр жана уюм тууду.

Мындан тышкары, Россия жана Филиппин өңдүү мамлекеттердин да улуттук оюндары бар.

Ошондой эле Camel Fest алкагында федерация өкүлдөрү арасында илимий форум, конгресс, отурумдар өтүп, этнофестивалдар боюнча жаңы долбоорлор талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0