Отунбаева — Ырыскан, Сатылганова — Күннур. Дагы кайсы белгилүүлөр ысымын чанган?

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын эл артисти Гүлнур Сатылганова. Архив
Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлнур Сатылганова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президент Роза Отунбаева, белгилүү эстрада ырчылары Гүлнур Сатылганова менен Алина Жетигеновалардын азан чакырылып, документке түшүрүлгөн аттары тууралуу маалыматыңыз бар беле? Айрымдары ысымдарын чанса, кээси ишине, чыгармачылыгына карап өзгөртүп алган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги атын алмаштырган белгилүү адамдардын топтомун сунуштайт. Бул материалга каймана ат алгандардын тиешеси жок.

© Sputnik / Максат ЭлебесовБелгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев
Народный артист КР, акын-сказитель Замирбек Усенбаев - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев

Белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин документтеги аты Мир. Акын төрөлгөндө тынчтык боюнча конференция өтүп жаткан экен. Атасы Алымкул Үсөнбаев жазуучу Аалы Токомбаевге сүйүнчүлөп барып, ошол конференциядан улам ага "Мир" деген ат беришет. Экинчи аты "Тобокел", аны таенеси койгон. Үй-бүлөсүндө эркектер чарчап кала берип, анан ырымдап ушул ысымды коюшуптур. Анан кийин филармонияда иштеп жүрүп эле Замирбек болуп калат. Мындайча айтканда, бул атты эл эле коюп алган.

© Фото / посольство КР в РФЭкс-президент Роза Отунбаева
Глава государства Роза Отунбаева - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Роза Отунбаева

Роза Отунбаеванын төрөлгөндөгү аты Ырыскан экендигин бардыгы эле биле бербесе керек. Атасы Исак 1950-жылы Москвадан окууну бүтүп келгенде кыздуу болуп, атын Ырыскан коет. Кубанычы койнуна батпаган Исак ата сүйүнүчүн теңтуштары менен бөлүшөт. Ошондо алар "Исак, сен Москвадан окууну бүтүп келген, жаңыча көз караштагы, билимдүү, илимдүү болсоң, анан кызыңа кыргыздын эски ысымын бересиңби? Кел, Роза деп коелу, Роза Люксембургдай (немис саясий ишмери) эл-жери үчүн кызмат кылган, зоболосу бийик адам болсун" деп көндүрүшкө экен. Досторунун кебин уккан атасы ымыркайынын күбөлүгүнө Роза деп жаздыртат.

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эл артисти Гүлнур Сатылганова
Народная артистка КР, певица Гулнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
КРдин эл артисти Гүлнур Сатылганова

Гүлнур Сатылганованын азан чакырылган аты — Күннур. Ырчынын ысымын апасы бир жашка улуу Айнур деген эжесине окшоштуруп ыйгарган. Бирок төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүккө Гүлнур дер жазылып калып, кийин ошол боюнча аталып калган. Баса, ырчыдан "Сиз Токтогул Сатылгановдун небереси эмессизби?" деп көп сурашат. Өзүнүн айтымында, чоң атасы Сатылган улуу акын Токтогул Сатылганов менен жакшы ымалада болгон.

© Фото / предоставлено Алиной ЖетигеновойКРдин эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова
Певица Алина Жетигенова - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова

Алмакан аталган Алина Жетигенова. Апасы ырчыга алгач Гүлнара деген ысым берген. Бирок Гүлжакан аттуу чоң апасы тун небересин колуна алганда өзүнүн ысымына окшоштуруп Алмакан деген ат ыйгарган. Студенттик убакта жатаканада чогуу жашаган Айнура аттуу кыз ырчынын Алмакан атын Алина деп өзгөртүүнү сунуштаган. Бул нерсе чыгармачылыгына байланыштуу болгон.

Ырчы Омар — Өмүрбек. Өзүнөн улуу байкеси чарчап калганга байланыштуу чоң атасы узак жашасын деп Өмүрбек койгон. Ырчынын "өз атым менен сахнага чыгайын десем Өмүрбек Андарбеков деген ырчы бар болчу. Аны Ома деп аташчу. Мен башкалар менен да кеңешип Омар деп чыгууну туура көрдүм. Бирок арабчадан деле "Ома" деген сөз "өмүр" дегенди билдирет. Мындай караганда өз атымды эле алып жүрөм" деп айтканы бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Назми Байзакова
Певица отечественной эстрады Назми Байзакова - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Назми Байзакова

Ырчы Назми Байзакованын өт аты Назгүл экенин да көбү биле бербесе керек. Таенеси мурда жомоктогу Назми ханышанын атын ыйгаралы деп жүрчү экен. Бирок өзүнүн апасы "кийин кайсы кемпир десе, Назми кемпир деп айтмак беле" деп болбой коет. Кийин Назгүл сахнага чыкканда элге аты сиңимдүү болсун деп Назми деп чыккан.

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү ырчы Неля
Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү ырчы Неля

Кыргыз шоу-бизнесиндеги ажарлуу айым Неляны ким билбейт. Нелянын өз аты — Элмира. Курбулары Эля деп эркелетип жүргөндүктөн, ошол эле сөзгө "Н" тамгасын кошуп, шоу-бизнеске "Неля" деген ат менен чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0