https://sputnik.kg/20260304/1100058800.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Арстанбек Дүйшеев атындагы... 04.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-04T11:00+0600
2026-03-04T11:00+0600
2026-03-04T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/04/1100058634_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a2955a12d29b2312aa84aa32ff9f1ec7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтуна барды. Ведомстводон маалымдашкандай, министр институттун материалдык-техникалык базасы, заманбап лабораториялары жана илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары менен таанышты. Ошондой эле ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алды. Иш-чаранын алкагында адистер менен тармактагы актуалдуу маселелер, аларды чечүү жолдору жана илим тармагындагы көйгөйлөр талкууланды. Эрлист Акунбеков өз сөзүндө ветеринария тармагын өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана инновациялык ыкмаларды өндүрүшкө киргизүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
3-мартта, россиялык Central Asia Capital инвестициялык фонддун өкүлдөрү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугуп, Кыргызстанга бир нече ири долбоорду сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Инвестициялык фонд төмөнкү сунуштарды киргизген: Токмок шаарында жылына 25 миңге чейин унаа куроочу заводду жана индустриялык паркты куруу; Бишкекке жакын аймакта индустриялык парк, электр кубаттоо инфраструктурасынын тармагын түзүү; Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоо. Кыргыз тарап инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтуларын билдирди.
56 жаштагы Можтаба Хаменеи Ирандын жогорку лидери болду. Бул тууралуу Iran International агенттиги кабарлады. Өлкөнүн жаңы башчысы — маркум Али Хаменеинин уулу, аны Эксперттер кеңеши шайлады.Эске салсак, АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеран шаарына сокку ура баштаган. Чабуулдан өлкөнүн руханий лидери Али Хаменеи баштаган бир топ кызмат адамдары көз жумду. Иран жооп иретинде Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урууда. Чабуулдун кесепетинен Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи каза болуп, өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды.
АКШ аскер базаларын колдонууга уруксат бербей койгон Испания менен соода алакасын токтотот. Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды.Америкалык лидердин айтымында, Мадрид НАТО алкагында коргонуу чыгымдарын көтөрүүдөн баш тарткан. "Испания чыгымды 5 пайызга көтөрүүдөн баш тарткан жалгыз өлкө. 2 пайыздык деңгээлде калтырып, аны да жарытылуу төлөгөн эмес. Сооданы токтотобуз деп чечтик. Эч кандай алака болбойт", — деди Трамп Ак үйдө Германия канцлери Фридрих Мерц менен жолугуп жатып. Ал АКШнын аскерлери Испаниянын аскер базаларын Мадриддин уруксаты жок эле Иранга каршы операция үчүн пайдалана аларын белгилеген. "Испания аскердик базаларын колдоно албай турганыбызды билдирди. Бирок биз кааласак пайдалана алабыз. Жөн эле учуп барып, колдоно берсек болот. Эч ким тыюу сала албайт, бирок биз суроого милдеттүү да эмеспиз", — деди Трамп Вашингтон менен Мадриддин ортосундагы мамиле тууралуу айтып жатып. Буга чейин Испаниянын премьер-министри Педро Санчес жетектеген өкмөт АКШнын Ирандагы операциясы үчүн америкалыктарга Кадис провинциясындагы Рота жана Севильядагы Морон аскердик базаларын пайдаланууга уруксат берүүдөн баш тартканын билдирген.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтуна барды. Ведомстводон маалымдашкандай, министр институттун материалдык-техникалык базасы, заманбап лабораториялары жана илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары менен таанышты. Ошондой эле ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алды. Иш-чаранын алкагында адистер менен тармактагы актуалдуу маселелер, аларды чечүү жолдору жана илим тармагындагы көйгөйлөр талкууланды. Эрлист Акунбеков өз сөзүндө ветеринария тармагын өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана инновациялык ыкмаларды өндүрүшкө киргизүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. 3-мартта, россиялык Central Asia Capital инвестициялык фонддун өкүлдөрү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугуп, Кыргызстанга бир нече ири долбоорду сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Инвестициялык фонд төмөнкү сунуштарды киргизген: Токмок шаарында жылына 25 миңге чейин унаа куроочу заводду жана индустриялык паркты куруу; Бишкекке жакын аймакта индустриялык парк, электр кубаттоо инфраструктурасынын тармагын түзүү; Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоо. Кыргыз тарап инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтуларын билдирди.56 жаштагы Можтаба Хаменеи Ирандын жогорку лидери болду. Бул тууралуу Iran International агенттиги кабарлады. Өлкөнүн жаңы башчысы — маркум Али Хаменеинин уулу, аны Эксперттер кеңеши шайлады.Эске салсак, АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеран шаарына сокку ура баштаган. Чабуулдан өлкөнүн руханий лидери Али Хаменеи баштаган бир топ кызмат адамдары көз жумду. Иран жооп иретинде Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урууда. Чабуулдун кесепетинен Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи каза болуп, өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды. АКШ аскер базаларын колдонууга уруксат бербей койгон Испания менен соода алакасын токтотот. Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды.Америкалык лидердин айтымында, Мадрид НАТО алкагында коргонуу чыгымдарын көтөрүүдөн баш тарткан. "Испания чыгымды 5 пайызга көтөрүүдөн баш тарткан жалгыз өлкө. 2 пайыздык деңгээлде калтырып, аны да жарытылуу төлөгөн эмес. Сооданы токтотобуз деп чечтик. Эч кандай алака болбойт", — деди Трамп Ак үйдө Германия канцлери Фридрих Мерц менен жолугуп жатып. Ал АКШнын аскерлери Испаниянын аскер базаларын Мадриддин уруксаты жок эле Иранга каршы операция үчүн пайдалана аларын белгилеген. "Испания аскердик базаларын колдоно албай турганыбызды билдирди. Бирок биз кааласак пайдалана алабыз. Жөн эле учуп барып, колдоно берсек болот. Эч ким тыюу сала албайт, бирок биз суроого милдеттүү да эмеспиз", — деди Трамп Вашингтон менен Мадриддин ортосундагы мамиле тууралуу айтып жатып. Буга чейин Испаниянын премьер-министри Педро Санчес жетектеген өкмөт АКШнын Ирандагы операциясы үчүн америкалыктарга Кадис провинциясындагы Рота жана Севильядагы Морон аскердик базаларын пайдаланууга уруксат берүүдөн баш тартканын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/04/1100058634_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0978268c747b90b9f0c3b76a73b3815f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио