Гүлнур эмес Күннур Сатылганова тууралуу 12 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз эстрадасынын белгилүү ырчысы, КРдин Эл артисти Гүлнур Сатылганованын архивдик сүрөтү
Кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчысы, КРдин Эл артисти Гүлнур Сатылганованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчысы, КРдин Эл артисти Гүлнур Сатылганова 49 жашка чыкты. Ал 1968 жылы 1-ноябрда Токтогул районунда төрөлгөн.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыз сахнасында бараандуу орду бар инсан тууралуу 12 факты сунуштайт.

1. Он бир туугандын жетинчиси. Атасы Абдыразак Сатылганов айыл чарба инстутутун аяктап, көп жыл бою зоотехник болуп иштеген. Апасы Анаркан Мамбеталиева ашпозчулук кесиби менен ар тармакта 45 жыл эмгектенген. Ата-энеси чыгармачылыктан алыс эмес эле. Абдыразак ата комузда кол ойнотуп элдик ырларды ырдаса, апасынын үнүнүн тембри күчтүү болгон. Гүлнур айым — 10 бир туугандын жетинчиси. Иниси Кайыпберди менен сиңдиси Венера дагы чыгармачылыл чөйрөдө жүрөт.

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Ала-Тоо аянтындагы Эгемендүүлүк күнүнүн 25 жылдыгына арналган концертте
Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Ала-Тоо аянтындагы Эгемендүүлүк күнүнүн 25 жылдыгына арналган концертте

2. Азан чакырылган аты — Күннур. Болочок ырчынын ысымын апасы бир жашка улуу Айнур деген эжесине окшоштуруп ыйгарган. Бирок төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүккө Гүлнур дер жазылып калган. Ырчыдан көп учурда "Сиз Токтогул Сатылгановдун небереси эмессизби?" деп сурашат. Айтымында, чоң атасы Сатылган улуу акын Токтогул Сатылганов менен жакшы ымалада болгон. Ал эми фамилиясын сыймык менен алып жүрөт.

КРдин Эл артисти, ырчы Гүлнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Гүлнур Сатылганова: кыялымдагы мырзаны жолуктура алган жокмун
3. Бек Борбиев менен каны бир. Сатылганова багыш уруусунан, Бешкемпир датка жети атасынын бири болгон. Белгилүү эстрада ырчысы Бек Борбиев экөөнүн алтынчы аталары бир тууган. Ошондо эки үлкөн ырчы эже-ини мамиледе.

4. Бала кезден Пугачёванын ырларын сүйүп уккан. Дайыма ырларынын сөздөрүн кылдат тыңдап, маанисин түшүнүүгө аракет кылчу. Биринчи жолу 5-класста окуп жүргөндө жаңы жылдык балатыда ырдап, таланты баарына жагып борбордогу аянтта боло турган жаңы жылдык балатыга чакырылган.

5. Биринчи кесиби — кондитер. 1985-жылы мектепти аяктагандан кийин борбордогу Искусство институтуна тапшырганы келип, кабыл алуу аяктап калгандыгына байланыштуу бир жылдык кондитердик окуу жайда окуп калат. Окуусун аяктагандан кийин практика өткөнү гана болбосо кесиби менен иштеген эмес. 1986-жылы Токтогул райондук "Миң кыял" ансамблинин жетекчиси Жакыпбек Исаков колхоз-совхоздор аралык ыр кеседе Сатылганованын талантын байкап топко кабыл алган. Бул топто эки жыл эмгектенип, көп тажрыйба топтой алды. 1991-жылы Искусство институтун аяктагандан кийин Аламүдүн райондук маданият үйүнүн алдында уюшулган "Арашан" фольклордук тобунда эмгектенген. Андан кийин Арсен Өмүралиев Жаштар театрында иштеп, жолдошу Даниэл Токтобаев менен "Каркыранын канаты" спектаклинде башкы ролду ойношкон.

© Фото / предоставлено ЮНФПА в КРБишкектеги мектептердин биринде 5-6 класста окуган балдарга тренинг өтүп жатат
Урок Гулнур Сатылгановой ученикам 5-6 классов в бишкекской школе - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги мектептердин биринде 5-6 класста окуган балдарга тренинг өтүп жатат

6. Ийгилик артынан ийгилик. Ырчыга атактуулук алып келген ырлар Атайбек Бөдөшовдун "Туулган жерди сагынуу", Камчыбек Букалаевдин "Булуттар", "Ыр десте", Муратбек Бегалиевдин "Кызгалдак гүлүм ай" ырлары болду. 1992-жылы "Жаштык ыры-1992" сынагында жолдошу Даниел экөө гитара менен "Жалгыз там" деген чыгарманы ырдап, баш байгеге ээ болушкан. "Ыр десте-1993" сынагында баш байгени, "Славян базары" фестивалында элдик "Колзоздогу курбума" ыры менен 1000 доллар сыйлык алган. "Ысык-Көлдө кадыр түн-1998" сынагында баш байгеге коюлган машинаны утуп алган. Жыл сайын Астанада өтүүчү эл аралык "Шабыт" чыгармачыл жаштардын конкурсунда баш байгеге, Түркияда өткөн эстрада ырчылары конкурсунда биринчи орунду багындырган. Республикалык ыр сынактарынын беш жолку лауреаты.

Город 312 тобунун солисти Светлана Назаренко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызды кыйырга тааныткан Светлана Назаренко тууралуу 12 факты
7. Учурда репетуарында 200гө чукул ыры, 15 клиби бар. Белгилүү клиптери болуп "Апакем", "Бала бакыт", "Асман", "Нандын жыты", "Сага" ж.б эсептелинет. Чыгарма даярдоодо акындар Кыялбек Урманбетов, Кудурет Тайчабаров, Биримкул Алыбаевдер, композиторлор Райкан Бейшеналиева, Эркин Мээрканов, аранжировка жасоодо Рамис Алиев, Мирлан Ниязовдор менен иштешет. Ырчы мыкты чыгармаларынын жаралышына маркум Эрик Кадырбаевдин да салымы чоң экендигин айтып келет.

8. Аялдык тагдыры. Жолдошу Даниел Токтобаев Ленинграддагы Луначарский атындагы окуу жайдын актёрлук бөлүмүн аяктаган. Эки жашты чыгармачылык табыштырган. Тилекке каршы, уулу Арназ беш айлык кезинде жолдошу каза болуп калган. Уулу Кыргыз-түрк лицейин ийгиликтүү бүтүрүп, Кытайдын Далянь шаарында Эл аралык бизнес жана экономика университетинин аяктаган. Чыгармачылыктан алыс адам.

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчынын Instagram социалдык баракчасына 230 миң адам катталган. Ал эми Facebook баракчасына 18 060 адам жазылган
Народная артистка КР, певица Гулнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Ырчынын Instagram социалдык баракчасына 230 миң адам катталган. Ал эми Facebook баракчасына 18 060 адам жазылган

9. Ырчы учурда европа стилиндеги кара түстөгү кийимдерди көп киет. Бул тууралуу "кара кийгенден коркпойм, жашоомо дагы таасирин тийгизбейт" деп айтканы бар. Ошондой эле мода куубай турганын, бирок заманбап кийимдерди жакшы көрөрүн айтып келет. Кыргызстандагы белгилүү дизайнерлер Зухра Муканбетова, Татьяна Воротникова, Мадина Тапаева, Дилбар Ашымбаева, Динара Руцко, Галина Байко менен иштешет.

КРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Бек Борбиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Бек Борбиев 48 жашта! Белгилүү өнөрпоз тууралуу 12 факты
10. Таш жарган каткырык. Бул чыгармачыл инсандын шаңшып күлгөн күлкүсүн, каткырыгын көп эле киши билсе керек. Сахналаштарынын айтымында, бир күлсө көпкө чейин токтобойт.

11. Кирпик коштуртуп көрбөгөн Сатылганова. Белгилүү ырчынын боексуз сүрөттөрүн интернеттен дайыма эле жолуктурууга болот. Өзүнүн айтымында, боексуз жүргөндү жактырат, учурдун талабына айланган жасалма кирпиктерди бир да жолу коштуруп, чаптаттырып көргөн эмес. Көп убакыттан бери чачын каре стилинде алып жүрөт, саламаттыгы үчүн спорт залдарга барып турат.

12. Социалдык тармактын жылдызы. Ырчынын Instagram социалдык баракчасына 230 миң адам катталган. Ал эми Facebook баракчасында 18 060 адам жазылган. Чыгармачылыгына байланыштуу постторду бөлүшүп, актуалдуу окуяларга үн кошуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0