https://sputnik.kg/20260303/1100052825.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Жидда — Ош багыты боюнча авиакаттамдарды кайра жандантатИрандагы кыргыздар үчүн жаңы коридор: Түркмөнстан чек арасын ачтыДепутат антикино жайларын... 03.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-03T19:00+0600
2026-03-03T19:00+0600
2026-03-03T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/03/1100052659_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7574aafcfc54c984d5a115759353e8cd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Жидда — Ош багыты боюнча авиакаттамдарды кайра жандантатИрандагы кыргыздар үчүн жаңы коридор: Түркмөнстан чек арасын ачтыДепутат антикино жайларын жабууну сунуштады. Алдыда кененирээкЖогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Эгенбердиева Кыргызстанда антикино форматындагы жайларды жабууну сунуштады. Анын айтымында, мындай жайларда баңгизаттар колдонулуп жана таратылып жатат. “Бул жайларды жабуу керек. Ал жерде жаштарыбыз баңгизат колдонуп, таратышууда. Негизинен ал жакка иштеген студенттер сменадан кийин барышат. Кино көрүү шылтоосу менен тыюу салынган заттарды колдонушат”, — деди Эгенбердиева парламент жыйынында. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бул көйгөй чындап эле бар экенин моюнга алды. “Так ушул сыяктуу жайларда жасалган көптөгөн кылмыштар аныкталды. Биз мындай шарт түзгөндөрдү да жоопкерчиликке тартып жатабыз”, — деди ал.
Эртеңден тарта Жидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайра жанданат. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Анын айтымында, каттамдар жумасына үч ирет — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Биринчи кезекте мурда билет алып, бирок уча албай калган Кыргызстандын жарандарын жөнөтүү пландалууда. Мындан тышкары, Марипов Жидда — Бишкек багыты боюнча да авиакаттамдарды жандандыруу маселеси каралып жатканын айтты. Алар да жумасына үч жолу аткарылары күтүлүүдө. "Ош" эл аралык аэропортунун учуу-конуу графигинде көрсөтүлгөндөй, Кувейттен келген учак 4-мартта саат 1:00дө, ал эми Жиддадан келген учак саат 12:55те конот.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түркмөн тараптын маалыматына ылайык, Ирандан Түркмөнстандын аймагы аркылуу эвакуацияланууну каалаган жарандар үчүн 2026-жылдын 2-мартынан тарта Түркмөнстандын чек арасындагы төмөнкү өткөрүү пункттары аркылуу өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирет: “Баджгиран” - дипломатиялык паспорттун ээлери үчүн гана; “Артык” жана “Сарахс” - жалпы жарандык паспорттун ээлери үчүн. ТИМден белгилешкендей, суроолор жаралган учурда жарандар Кыргызстандын Түркмөнстандагы дипломатиялык мекемелерине жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылуусу зарыл.
"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК жана "Айыл Банк" ААК такафул-камсыздандыруу тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул өнөктөштүк Кыргызстанда ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүгө жана банктын кардарлары үчүн камсыздандыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталган. Кардарлар мурабаха жана ижара аркылуу алган же күрөөгө коюлган мүлктөр шарият талаптарына ылайык такафул модели боюнча камсыздандырылат. Программага унаа, айыл чарба жана атайын техникалар, жабдуулар, турак жай жана коммерциялык кыймылсыз мүлк объекттери кирет. Ошондой эле өрт, табигый кырсыктар, үчүнчү жактардын мыйзамсыз аракеттери сыяктуу тобокелдиктердин кеңири тизмеси камтылган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 44 тыйынга евро 102 сом 50 тыйынга юань 12 сом 70 тыйынга рубль 1 сом 13 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 73 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 78 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 77 сом сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом, 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ4-мартка караган түнү тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-март, шаршембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы Чүйдө +5...+10, Талас аймагында +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +11...+16, Ысык-Көл облусунда +3...+8, Нарын жергесинде +1...+6 градуска чейин көтөрүлөт. Бишкек шаарында күндүн табы +8...+10, Ош калаасында +14...+16 градуска чейин көтөрүлөт.
Кыргызстан Жидда — Ош багыты боюнча авиакаттамдарды кайра жандантатИрандагы кыргыздар үчүн жаңы коридор: Түркмөнстан чек арасын ачтыДепутат антикино жайларын жабууну сунуштады. Алдыда кененирээкЖогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Эгенбердиева Кыргызстанда антикино форматындагы жайларды жабууну сунуштады. Анын айтымында, мындай жайларда баңгизаттар колдонулуп жана таратылып жатат. “Бул жайларды жабуу керек. Ал жерде жаштарыбыз баңгизат колдонуп, таратышууда. Негизинен ал жакка иштеген студенттер сменадан кийин барышат. Кино көрүү шылтоосу менен тыюу салынган заттарды колдонушат”, — деди Эгенбердиева парламент жыйынында. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бул көйгөй чындап эле бар экенин моюнга алды. “Так ушул сыяктуу жайларда жасалган көптөгөн кылмыштар аныкталды. Биз мындай шарт түзгөндөрдү да жоопкерчиликке тартып жатабыз”, — деди ал.Эртеңден тарта Жидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайра жанданат. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Анын айтымында, каттамдар жумасына үч ирет — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Биринчи кезекте мурда билет алып, бирок уча албай калган Кыргызстандын жарандарын жөнөтүү пландалууда. Мындан тышкары, Марипов Жидда — Бишкек багыты боюнча да авиакаттамдарды жандандыруу маселеси каралып жатканын айтты. Алар да жумасына үч жолу аткарылары күтүлүүдө. "Ош" эл аралык аэропортунун учуу-конуу графигинде көрсөтүлгөндөй, Кувейттен келген учак 4-мартта саат 1:00дө, ал эми Жиддадан келген учак саат 12:55те конот.Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түркмөн тараптын маалыматына ылайык, Ирандан Түркмөнстандын аймагы аркылуу эвакуацияланууну каалаган жарандар үчүн 2026-жылдын 2-мартынан тарта Түркмөнстандын чек арасындагы төмөнкү өткөрүү пункттары аркылуу өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирет: “Баджгиран” - дипломатиялык паспорттун ээлери үчүн гана; “Артык” жана “Сарахс” - жалпы жарандык паспорттун ээлери үчүн. ТИМден белгилешкендей, суроолор жаралган учурда жарандар Кыргызстандын Түркмөнстандагы дипломатиялык мекемелерине жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылуусу зарыл."Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК жана "Айыл Банк" ААК такафул-камсыздандыруу тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул өнөктөштүк Кыргызстанда ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүгө жана банктын кардарлары үчүн камсыздандыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталган. Кардарлар мурабаха жана ижара аркылуу алган же күрөөгө коюлган мүлктөр шарият талаптарына ылайык такафул модели боюнча камсыздандырылат. Программага унаа, айыл чарба жана атайын техникалар, жабдуулар, турак жай жана коммерциялык кыймылсыз мүлк объекттери кирет. Ошондой эле өрт, табигый кырсыктар, үчүнчү жактардын мыйзамсыз аракеттери сыяктуу тобокелдиктердин кеңири тизмеси камтылган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 44 тыйынга евро 102 сом 50 тыйынга юань 12 сом 70 тыйынга рубль 1 сом 13 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 73 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 78 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 77 сом сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом, 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ4-мартка караган түнү тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-март, шаршембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы Чүйдө +5...+10, Талас аймагында +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +11...+16, Ысык-Көл облусунда +3...+8, Нарын жергесинде +1...+6 градуска чейин көтөрүлөт. Бишкек шаарында күндүн табы +8...+10, Ош калаасында +14...+16 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/03/1100052659_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6d6a34e8b02f4bcd1381b4c164248f1b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио