Назми: эне тилде жакшы сүйлөй албайм, эми кызымды кыргыз мектепке бердим

© Sputnik / Табылды КадырбековПевица отечественной эстрады Назми Байзакова
Певица отечественной эстрады Назми Байзакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку мезгилде кыргыз шоу-бизнесине жаңы образ, имидж менен кайткан ырчы айым Назми Байзакова "Бактым тоодой ушундай", "Манас" ырлары менен күйөрмандарын топтоодо.
Байзакова: спорттун кулатуу түрү боюнча үч жыл машыккам

39 жаштагы эстрада ырчысы Назми Байзакова менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Бир кезде Назми Байзакова айылдан ИИМдин академиясына тапшырам деп келип, жашы жетпей калган экен. Эми ал элге таанымал ырчы болду. Эгер милиционер болуп калса, кандай болмок?

— Жакшы суроо экен. Мүнөзүм каардуу болуп, чоң эле кызматта иштеп калсам керек. Ырчылыкты тандап кеткениме өкүнбөйм. Чыгармачылыктын аркасы менен эл-жер көрдүм. Элдин батасын алган эң жакшы нерсе деп ойлойм.

— А эмнеге милиция кызматкери болууну самачу элеңиз?

— Алардын кесиптик формасы жакчу. Кылмышкерлерди кармап, коомго пайдамды тийгизүүнү максат кылгам. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовКулатуу менен үч жыл машыккандан кийин, апам ден соолугума байланыштуу токтоттуруп койгон
Певица отечественной эстрады Назми Байзакова - Sputnik Кыргызстан
Кулатуу менен үч жыл машыккандан кийин, апам ден соолугума байланыштуу токтоттуруп койгон

— Мектеп курагында спорт менен да машыкчу экенсиз. Анан кыздар менен жулкулдаша кеткен учурлар болду беле?

Кыргызстанская актриса и модель Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Мээрим Атантаева: жүдөө кыздар модель боло албайт
— Биздин Балыкчы негизи өзгөчө шаар. Райондорго бөлүнүп, бири-бирибиздин аймагыбызга өтүп кетсек, дубалга такамай башталчу. Эсимде, бир жолу коңшу мектепте дискотека болот деп угуп калдык. Беш кыз болуп кирип барсак, шаардык кыздар "Бишкектен келдик, бир нерсе дебейсиңерби" деп кыйынсынып калышты. Мен ал кезде спорт менен машыгып, кулатуу боюнча республикалык чемпионатта экинчи орунду алгам. Бирдеме болсо кыздарым үчүн "туруп" берем деп билек түрө бергенде, чоң эжелер аралашып, таркатып жиберген. Негизи өзүм чыр-чатактан алыс адаммын. Сабырдуу болгонго аракет жасайм. Кулатуу менен үч жыл машыккандан кийин, апам ден соолугума байланыштуу токтоттуруп койгон.

— Атыңызды Назми деп ким койгон?

— Өзүмдүн атым Назгүл. Таенем жомоктогу Назми ханышанын атын ыйгаралы деп жүрчү экен. Өзүмдүн апам "кийин кайсы кемпир десе, Назми кемпир деп айтмак беле" деп болбой коюптур. Кийин сахнага чыкканда элге атым сиңимдүү болсун деп Назми деп чыктым. 

© Фото / СинемАртӨзүмдүн атым Назгүл. Сахнага чыкканда элге атым сиңимдүү болсун деп Назми деп чыктым
Певица отечественной эстрады Назми Байзакова - Sputnik Кыргызстан
Өзүмдүн атым Назгүл. Сахнага чыкканда элге атым сиңимдүү болсун деп Назми деп чыктым

— Ырчылык боюнча атайын билим алдыңыз беле?

— Күрөңкеев атындагы училищанын эстрада-вокал бөлүмүнө тапшырып, Рафаель Сарлыковдун классында окудум. Кийин Искусство университетинин гитара бөлүмүнө өтүп, бирок ресторанда ырдап бирде эрте, бирде кеч чыккандыктан толук бүтө албай калдым. Юридикалык академиянын жарандык укук коргоо бөлүмүн сырттан бүтүрүп, диплом алгам.

Эстрада ырчысы Назми "Бактым тоодой ушундай" ырын аткарды

— Акыркы учурларда чыгармачылыкта активдүүлүгүңүздү көрсөтүп, имиджиңизди да бир топ өзгөрттүңүз…

Интервью с телеведущей Нурзат Токтосуновой - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Токтосунова 34 жашта. Алып баруучу тууралуу 6 чындык
— Бул нерсе жолдошумдун колдоосунда ишке ашып жатат. Балдарды чоңойтуу менен алектенип жүрүп чыгармачылыгым үзгүлтүккө учурап калган учурлар болду. Бирок ошол кездеги толуктугума карабай бир-экиден ыр жаздырып, клип тарттырып жаттым. Анан бир карасам балдарым чоңоюп калыптыр. Жолдошума чыгармачылыкка кызуу киришели десем, колдоп, каржылап берди. Арсен Мендебаев жетектеген "СинемАрт" продакшн студиясы менен команда топтоп, иштеп баштадык. Дароо эле имиджимди өзгөртүштү. Чыгармалар менен иштөөдө топтун жардамын сезип жаттым. Элдин кабыл алуусу да жакшы болду. 
© Фото / СинемАртНазми Байзакова үй-бүлөсү менен
Певица отечественной эстрады Назми Байзакова - Sputnik Кыргызстан
Назми Байзакова үй-бүлөсү менен

— Имиджиңизди өзгөрткөнгө чейин чачыңыз да узун эле.

— Узун чачтын убарасы көп экендигин жакшы билем. Чачыңызды кыскартабыз дешкенде, мен макул болгонум менен жолдошум көнбөй жатып макул болду. Кичүү кызым "апа, чачыңызды тезирээк өстүрүңүз, эл эркек бала деп ойлойт" деп сарсанаа болуп алыптыр.

— Анан да мурунку сүрөттөрдө толугураак элеңиз?

— Мектепте окуп жүргөндө эле толмочун кыз элем. Студенттик убакта чыгармачылык деп жүгүрүп жүрүп арыктадым. Төрөгөндөн кийин салмак коштум. Арыктоо үчүн диета менен спорттун фитнес түрүн айкалыштырдым. Мурун 70 киллограмм болсом, азыр 10 киллограммга арыктадым. Төп келе турчу салмагыма дагы 2 киллограмм калды.

— Учурда кыргыз-шоу бизнесиндеги ордуңуз кандай деп ойлойсуз?

— Алдыда туруктуу ордумду тапсам деген оюм бар. 

— Негизги аудиторияңыз ким?

— Сегиз жылдан бери оор басырыктуу ырларга басым жасап келем. Аудитория концерт койгон учурда билинет. Жеке концертимди күзүндө деп пландап жатканбыз. Бирок жетишпей калат окшойбуз.

— Кыргызча кыйналып сүйлөйт экенсиз ээ?

— Мектепте орус класста окудум, кийин окуу жайлардын баары орусча болду. Ошон үчүн кичүү кызымды кыргыз мектепке бердим. Кыргыз болгондон кийин эне тилде сүйлөшүбүз керек. Ар бир ата-эненин өз тандоосу, бирок балдарды кыргызча эле сүйлөтсөк. Көчөдөн, үйдөн балдарымдын орусча сөздөрүн уксам, кыргызча сүйлөгүлө дейм. 

© Фото / СинемАртКөчөдөн, үйдөн балдарымдын орусча сөздөрүн уксам, кыргызча сүйлөгүлө дейм
Певица отечественной эстрады Назми Байзакова - Sputnik Кыргызстан
Көчөдөн, үйдөн балдарымдын орусча сөздөрүн уксам, кыргызча сүйлөгүлө дейм

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

Кыргызстандын эл артисти, аткаруучу Зейнеп Шакеева - Sputnik Кыргызстан
Зейнеп Шакеева: менин бактыма Түгөлбай акжолтой болду окшойт
— Жакында эле жаш муунга кыргыздын көркөм баалуулуктарын жеткирүү максатында "Манас" ырын жаздырдык. Улуу манасчылар менен кеңешип, акын Шахзада Абсаматова сөзүн, обонун Эркин Мээрканов даярдап, аранжировка кылдык. Эми клип тарттырууну пландап жатабыз. Клипте өзүм бийлейм.

Ушул кезге чейин чыгармачылыктан тышкары эч нерсе менен алектенбептирмин. Азыр ишкерлик тууралуу жакшы пландарды ойлонуштуруп жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0