Ырчы Омар төө буурчак чыры тууралуу: бир кыйын учур келди да кетти

© SputnikПевец отечественной эстрады Омурбек Жанышев. Архивное фото
Певец отечественной эстрады Омурбек Жанышев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кош жүрөк", "Где ты", "How long", "Энекем" анан да патриоттук сезимди ойготкон "Кыргызстаным" деген ырлар сизге да жагабы? Ооба сөз Омар жөнүндө болуп жатат.

Ал журналист Гүлдана Талантбекова менен бетме-бет сүйлөшүп, берилген суроолорго ачык-айкын жооп кайтарды.

Актер Уларбек Батыркулов - Sputnik Кыргызстан
Эргежээл шоумен: сүйүктүүмө 101 роза сатып алып, көтөрө албай кыйналгам
Адатта биздин ырчыларга чалып интервью менен кошо сүрөткө да тартабыз деп эскертебиз. Айрымдары чочуп "сүрөткө түшпөй эле коёюнчу ооруп жаттым эле, же шишип калыптырмын" деген шылтоолорду айтышат. Бул жолу да Омар ушул өңдүү жооп бергендиктен себебин сурасам "сүрөттөрдү өзүм берем, азыр көрүнүшүм жакшы эмес, үйгө барып кийинип келишим керек" деди.

Жөнөкөйлүктү кааладымбы же, Омарды сүрөткө тартуунун амалыбы айтор "Ой келе бериңиз бизге майкачан деле келип түшүп кетишет" дедим

— Белгиленген убактан бир аз кечигип баратсаңыз да мага кеминде эки-үч жолу чалдыңыз. Убакытка ушунча таксызбы?
— Убагында келгенге аракет кылам. Мен өзүм кечиккенди жана күткөндү жактыра бербейм. Так болуу чоң жоопкерчилик деп ойлойм. 

— Сиз стилиңизди өзгөрттүңүзбү? Кепкаңыз көрүнбөйт го

— Кепкам… Ал машинеде турат. Кепканы башка эркек балдардай эле кийип жүргөндүктөн, бул менин стилим деп айтуудан алысмын. Мына мен жөнөкөй эле джинсы жана футболка менен келдим. Имиджмейкерлер менен да иштешкен эмесмин. Андыктан өзүмдүн атайын стилим деле жок.

— Кайсыл темага көбүрөөк басым жасап жатасыз? Намаз окуйсуз анан динге байланыштуу да чыгарма жазып көрдүңүз?

— Эң актуалдуу тема сүйүү болсо керек. Маселен эл деле кечке ата-эне, же мекен тууралуу ырларды уга бербейт. Сүйүү темасынан бир аз алыстап шүгүр келтирген темадагы чыгармам "Субханалла" болчу. Бул нерсени парз катары аткарган жокмун. Алла берген белек деп ойлойм. Маселен Токтогул Сатылганов, Жеңижок аталарыбыз өз мезгилдеринде коомдогу үлгүлүү кызматкерлер катары маданий жактан элди жакшы жакка тартып, туура нукка буруп турган адамдар болгон. Эми мен ошондой туура багытка буруп жатам деп айта албайм. Кантсе да бул жаатта угармандарым бар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Омар: Өз атым менен сахнага чыгайын десем Өмүрбек Андарбеков деген ырчы бар болчу. Аны Ома деп аташчу. Мен башкалар менен да кеңешип Омар деп чыгууну туура көрдүм.
Певец Омурбек Жанышев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Омар: Өз атым менен сахнага чыгайын десем Өмүрбек Андарбеков деген ырчы бар болчу. Аны Ома деп аташчу. Мен башкалар менен да кеңешип Омар деп чыгууну туура көрдүм.

Азыр намаз окуп жатам деп эч кимди таң калтыра албайм. Анткени азыр жаштардын баары эле намаз окуйт, алардын арасында мен дагы өз милдетимди аткарып жатам.

— Орозо учурунда көбү сиздей болуп кайрымдуулук иштери менен алектенип жатышыптыр?
— Оң кол бербеген садаканы, сол кол билбесин деп айтып коюшат го. Жардам сурагандарга кайрымдуулук концертине катышып бергенге аракет кылып жатабыз.

— Алдыдан чыккан ар бир кайырчыга тыйын бересизби?
— Сурагандын баарына бербейм. Кайырчыны кесип кылып алгандар бар. Кичинекей балдарга сөзсүз берем. Мен ойлойм биз курактуу эле адамдар алты саны аман туруп, акча сурап отурганы туура эмес. Аларга кайыр берип эркелетүүнүн кажети жок болсо керек.

— Сахнадагы өз атыңыз менен жүрбөйсүз. Башка ысым менен чыгуунун зарылчылыгы бар беле деп ойлойсузбу?

— Менин улуу байкем чарчап калганга байланыштуу атымды узак жашасын деп чоң атам Өмүрбек койгон. Өз атым менен сахнага чыгайын десем Өмүрбек Андарбеков деген ырчы бар болчу. Аны Ома деп аташчу. Мен башкалар менен да кеңешип Омар деп чыгууну туура көрдүм. Бирок арабчадан деле "Ома" деген сөз Өмүр дегенди билдирет. Мындай караганда өз атымды эле алып жүрөм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Омар төө бурчак чыры боюнча: Ал учур мен үчүн аябай оор мезгил болду. Таласка концерт коюп барсам кармап кетишкен. Башында шок болдум. Өзүм эл адамы болуп алып качып жүргөнүмдү элестете албайм.
Певец Омурбек Жанышов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Омар төө бурчак чыры боюнча: Ал учур мен үчүн аябай оор мезгил болду. Таласка концерт коюп барсам кармап кетишкен. Башында шок болдум. Өзүм эл адамы болуп алып качып жүргөнүмдү элестете албайм.

— Ар бир экинчи ырчыга бериле турчу суроо. Асмандап учкан жылдыз оорусу тууралуу болсун.

— Ырчылар коомдун эрке адамдары болгондон кийин башында сөзсүз жылдыз болушат. Эркелеткени бул элдин-көңүлү. Кичинекей баланы деле эркелете берсең башка чыгып алат да. Бул деле ошондой жылдыз болуп кетүү деп ойлойм. Бул башында болот, анан акырындык менен жөнөкөйлүккө өтөт. Айрым убакта өтө жөнөкөй болуунун да кажети жок. Мен бул нерсени жон терим менен сезгем.

— Сиз жөнөкөй болуп жүргөндө көчөдөн таанышабы?

— Мен көп деле тааныла бербейм. Бизде папарацция дегендер деле жок да. Айрым учурларда маршруткага деле түшүп кете берем. Кээде атайын троллейбустун токтогон жеринен түшүп алып шаар кыдырып, мектептеги окуп жүргөн курагымды элестеткенди жакшы көрөм. Негизи эле адам жакшы сапаттарын жоготпошу үчүн физикалык жумуштарды көп жазашы керек, маселен үй иштерин жасоо.

— Атактуулук сенин боюңа жеткен убакта, сен атактуулуктун көлөкөсүнө айланасың, же ал сенин көлөкөңө айланат деп айтышат эмеспи. Сиз азыр ошондо кайсынысыз?

Мисс Кыргызстан — 2015 Таттыбүбү Самидин кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын сулуусу-2015: футбол ойночумун, Ош базарынан деле кийим сатып алам!
— Атактуулукту кооз таажы катары көрбөйм. Менин катардагы адамдардан эч айырмам жок. Экинчиден ошол эле эл болбосо мен киммин? Мен жөн гана окуу жайда чогуу окуган досторума окшогон экономистмин. Керек болсо алар мага караганда жакшы окуса керек. Эгерде кокусунан үнүмдү жабыркатып ала турган болсом, анда өз кесибим менен иштегенге туура келет. Мен ырчылыкты жумушум катары кабыл алам. Ушул жумушум менен акча таап үйүмдү багам деген эле кеп. Бирок албетте эки кесиптин тең өзүнчө этикасы болот.

— Күйөрмандардан өзгөчө белек алганыңыз эсиңиздеби?
— Бир күйөрман кызым эки жыл бою менин сүрөтүмдү жип менен портрет кылып токуп чыккан. Колго жасалаган нерсе болгондуктан баа бердим. Мындай караганда бир белек үчүн ал кыз убактысын коротту. Эгерде мен ал кыздын ордунда болсом жасабайт болчумун. 

— Жосунсуз жоруктарды да жасап жиберишти беле?

— Көп деле болгон эмес. Менин күйөрмандарымдын көбү кичинекей балдар, көргөн жерден тыпылдап чуркап келишет. Бул албетте жакшы маанай тартуулайт.

Анан кыздар чалып сүйлөбөй, каткырып телефонду коюп койгон учурлары болот. Баарына жооп берип, чер жазыша сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болбойт. Анан жазып жиберишет "сени ыймандуу бала деп ойлоп жүрсө" ушундай турбайсыңбы дешип.

— Жакын арада жеке жашооңузда жаңылыктар, толуктоолор болушу мүмкүнбү?

Актриса жана котормо студиясындагы үн режиссеру Кыял Төрөгулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыял Төрөгулова: Хүрремдин толготконун тердеп-кургап араң коштогом
— Биринчи байлык үй-бүлө экени талашсыз. Менин курагымдагы жигиттер үй-бүлө күтүп, бала жытын жыттап, иштеп жаткан учур. Аларды жакшы кызганыч менин карайм. Себеп дегенде алар жетишип жатат деп ойлойм. Мен жыйырма жашымда айтчу элем үч жылдан кийин үйлөнөм деп. Жыйырма үчкө чыкканда дагы эки жылдан кийин үйлөнөм дедим. Азыр айткандан коркуп калдым. Нике кайып деп коет эмеспи. Баары эле мен сыяктуу сүйгөн адамына баш кошууну каалайт. Учурда күтүп жүрөм, издештирип жатабыз.

— Байкаштырып жүрсөңүз, кандай кыздарды жактырасыз?
— Мен үчүн кыздын назиктиги жана тазалыгы маанилүү. Келбети маанилүү эмес деп айтуудан алысмын, сулуу анан билимдүү болушун каалайм.

— Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
— Учурда ата-энем жана мен болуп үчөөбүз жашайбыз. Эжекем турмуш курган, өзү менен очор-бачар. Үч бир тууган элек жогоруда айтып кеткендей улуу байкем чарчап калган.

— Ишкер болом деген кыялым бар деп айтканыңыз бар. Ал орундалып жатабы?
— Атамдын жолун жолдоп экономист болдум. Бүгүнкү күндө бул кесипти аркалоо анча деле кыйын эмес экен. Учурда өзүбүздүн жаңыдан баштап келе жаткан чакан ишибиз бар. Азыр ырчылыкты эле аркалап турайын, ишкерлик багытымды убакыт көрсөтөт.

— Башка ырчы кесиптештериңиз киного тартылып же болбосо жеке жашоосу тууралуу чакан тасмага өздөрү баш каармандын ролун жараткандар аз эмес? Сизде да мындай ойлор жокпу?

— Менин жашоом тасма тартчудай деле эмес. Афган согушуна барып келсем бир жөн, эл деле күлөт го. Мен өзүмдү продюсер катары сынап, кино тартайын деп жатам. Бирок тасмада өзүм роль жаратпайм. Азыр каржы маселесин караштырып жатабыз.

— Эми кеп нугун сизге байланышкан төө бурчак чырына бурсак. Баарын башынан баштап сурагым келбейт. Иштин жүрүшүн окуп күбө болуп жаттык. Мага окуянын сизге карата абалын, таасирин жана жыйынтыгын сурагым келет.

— Бүгүнкү күнгө чейин ал адам эмне себептен мындай ишке барганын түшүнбөй келем. Ал учур мен үчүн аябай оор мезгил болду. Таласка концерт коюп барсам кармап кетишкен. Башында шок болдум. Өзүм эл адамы болуп алып качып жүргөнүмдү элестете албайм.

Ырчы Мирбек Атабеков интервью учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков менен болгон ачык маек: күйөрман кыздарым менен мамиле түзбөйм!
Бул окуя мен үчүн чоң сабак болду, ошон үчүн өтө жөнөкөй болуунун деле кажети жок экенин түшүндүм. Ак көңүлдүктүн да чеги бар экен. Бул жылдыз оорусун да нөлгө чейин түшүрдү окшойт. Алланын "Мен силер кадырлаган адамды, көзүңөрчө түшүрөм" деп айтканы бар. Бул оорчулуктун аркасында бир жакшылыгы бар экендигине ишендим. Баарын сыноо катары кабыл алдым. Интернетке кирсең мен жөнүндө талкуулар көп. Алар мага азыркыга чейин жагымсыз.

Досторум айткандай эркек кишинин башына эмнелер келип кетпейт. Кудайга шүгүр бул бир Сириядагы согуш, же Ош кооголаңы эмес. Эч ким зыян тарткан жок. Бул болгону жалаа.

— Учурдагы жыйынтыгычы?
— Сот процесси дагы деле уланып, тиги бала соттолуп жатат. Мен күбө катары суралдым. Ал мага акчаны июлда берген деп көрсөтмө берген, а мен ал убакта Юрмалада болуп жатпаймбы. Кыскасы сотто жалаа далилденди. Сот болуп жатат мен кийлигишкен жокмун. Бир кыйын учур келди кетти деп ойлойм.

— Шайлоо учурундагы үгүт концерттеринде сиз үчүн партиянын аброюна карап ырдоо маанилүүбү же акчасынабы?

— Экөөнү тең бирдей карайм. Партиянын аброюна карап бекер иштеп берем десем жалган айткан болом. Мисалы шайлоо маалында ырчы эл алдына чыгып партияны мактап жактаганы албетте туура эмес. Ал эми ошол эле шайлоо учурунда партиянын атынан чыгып элге жөн гана ыры менен жакшы маанай тартууласа бул башка иш.

— Сиздин кемчилигиңиз жана артыкчылыгыңыз эмнеде?
— Артыкчылыктарым жок. Кемчиликчиз адам болбойт. Менин кемчилигим башкалардай эле жалкоолукка алдырып коем.

— Эл сиздин ырларыңызды жактырышабы, же өзүңүздүбү?
— Ырларымды жактырышса керек. Ошол нерсеге ишенип турайынчы.

— Эркекти эмнеге сулуу десе болбойт? Болбосо анын сулуулугу эмнеде?

— Эркектин сулуулугу анын — акылында. Анын чечкиндүүлүгү жана жүрүм-туруму акылдуулугун айгинелейт деп ойлойм.

Жаңылыктар түрмөгү
0