00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Как конфликт на Ближнем Востоке влияет на рынок ГСМ в ЕАЭС
08:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
09:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Мы плохо понимаем Иран» - политолог о новейшей истории и последних событиях
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Такафул камсыздандыруусу деген эмне жана ал Кыргызстанда кандайча иштейт?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте ШКУнун трансулуттук кылмышка каршы күрөшүү борбору ачылат. Уюм эмнеге коопсуздук маселелерин күчөтүүдө?
13:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Айпери Медет кызын Бириккен күрөш дүйнөсү февралдын мыкты балбаны деп атады Шанхай кызматташтык Жакынкы Чыгыштагы абалга байланыштуу расмий билдирүү жарыялады Кыргызстанда жумуртка 170 сомго чыкты. Министрлик себебин түшүндүрдү Алдыда кененирээкАйыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги өлкөдө жумуртка эмне себептен кымбаттап жатканын түшүндүрүп берди. Социалдык тармакта 10 жумуртканын баасы 160-170 сомго жеткен сүрөт тараган. Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин айтымында, буга Казакстан менен Россиядагы баанын жогорулашы таасир этиши ыктымал. "Бирдиктүү рынокто болгондуктан коңшу өлкөлөрдөгү өзгөрүүлөр бизге да таасир берет", — деди адис. Чекирбаев былтыр баа өтө төмөн болуп, айрым чакан чарбалар банкрот болуу коркунучуна кептелгенин, андыктан кымбаттоо фермерлердин абалын турукташтырууга жардам берерин айтты. Ал ошондой эле буга чейин өлкөдө тооктор эмделгендиктен аз тууп, бул дагы баага таасир эте турганын божомолдоду.
Ысык-Көл районунун Темир айылында жаңы бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду билдирди. Курулушка 70 млн 410 миң сом бөлүнүп, толугу менен фонддун эсебинен каржыланган. "Бала бакча 2 кабаттан туруп, 120 орунга ылайыкташкан. Мында балдардын сапаттуу билим жана тарбия алышына бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта. Бул жаңы бала бакчанын ишке берилиши менен аталган айылда бала бакча көйгөйү жоюлду.
Бириккен күрөш дүйнөсү Албаниянын Тирана шаарында өткөн рейтингдик турнирдин жыйынтыгын чыгарып, кыргыз балбаны Айпери Медет кызынын сүрөттөрүн жарыялады. 76 кг салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы алтын медаль жеңип, кыз-келиндер арасында февраль айынын мыкты балбаны деп табылды. Кыргызстандык балбан алгач, казак спортчусу Гүлмарал Еркебаева менен килемге чыгып 12:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңип алган. Андан соң, болгариялык Ванеса Георгиеваны 10:0, түркиялык Элмира Ясинди 14:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утуп алган. Ал эми финалдык беттеште эквадорлук спортчу Генезис Реаско Вальдез менен беттешип, атаандашын 5:4 эсеби менен жеңип, алтын медаль тагынган.
Иранга жасалчу оор чабуулдар дагы алдыда. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио айтканын Bloomberg агенттиги жазды. Ал АКШ мунайдын кескин кымбаттап кетишине чара көрө турган программаларды ишке ашыра баштаарын билдирген. Ошону менен бирге ал АКШнын бул операциядагы башкы максатынын бири Тегерандын баллистикалык ракеталарын, ошондой эле аларды жасоо мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу деп айтты. Мындан тышкары, Рубио Иран флотунун кемелердин ары-бери эркин катташына жараткан коркунучун жоюу каралганын белгилеген.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Иран өлкөсүнө жасалган аскердик соккуларга байланыштуу расмий билдирүү жарыялап, олуттуу тынчсыздануусун билдиришти. Расмий билдирүүдө күч колдонуу кабыл алынгыс экени баса белгиленип, бардык карама-каршылыктар эл аралык укуктун нормаларына жана Бириккен Улуттар Уюмун Уставынын принциптерине ылайык, диалог жана өз ара урматтоо аркылуу гана тынч жол менен чечилиши керектиги айтылды. Уюм бардык тараптарды сабырдуулукка чакырып, кырдаалды ого бетер курчутушу мүмкүн болгон аракеттерден алыс болууга үндөдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0