09:32 15 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Кыргызстан сулуусу — 2018 сынагынын жеңүүчүсү Алтынкыз Базакбаева

Кыргызстандын эң чырайлуу келини тандалды. Сулуунун сүрөттөрү

© Фото / Ильяс Басылбаев
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
174820

Баш байгени уткан келин Алтынкыз Базакбаева үч баланын энеси.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Узаган жекшемби күнү борбор калаада келиндер арасында "Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагы өттү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова билдирди.

Аталган сулуулар сынагы ушуну менен бешинчи ирет өтүп жатат. Бул жолкусунда 24 келин ат салышты. Иш-чаранын 55 жаштагы катышуучусу Чолпон Сакенова экинчи вице-миссис аталды. Ал эми биринчи вице-мисисс титулуна 26 жаштагы Айпери Алмазбекова аттуу келин ээ болду. Баш байгени үч баланын энеси Алтынкыз Казакбаева утуп алган.

"Бул жеңишке жетүү менен ал декабрь айында Филиппинде өтө турган эл аралык "Аалам сулуусу — 2018" сулуулар сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алды", — деди Намазбекова.

Ошондой эле ал таажы ээси 33 жашта экенин жана юрист болуп иштеп жатканын белгиледи.

Өткөн жылы ушул эле сынакта эң сулуу келин наамы Назик Сагынбековага буюрган.

  • Узаган жекшемби күнү борбор калаада келиндер арасында Кыргызстан сулуусу — 2018 сынагы өттү
    Узаган жекшемби күнү борбор калаада келиндер арасында "Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагы өттү
    © Фото / Ильяс Басылбаев
  • Аталган сулуулар сынагы ушуну менен бешинчи ирет өтүп жатат
    Аталган сулуулар сынагы ушуну менен бешинчи ирет өтүп жатат
    © Фото / Ильяс Басылбаев
  • Бул жолкусунда 24 келин ат салышты.
    Бул жолкусунда 24 келин ат салышты.
    © Фото / Ильяс Басылбаев
1 / 3
© Фото / Ильяс Басылбаев
Узаган жекшемби күнү борбор калаада келиндер арасында "Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагы өттү

Тема боюнча

Эмнеден жазганымды билбейм. "Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова менен маек
Көз талдырган 19 бийкеч. "Бишкек сулуусу" конкурсуна катышкандар
"Кыргызстандагы эң сулуу келин-2017" сынагында Назик Сагынбекова жеңүүчү болду
Белгилер:
таажы, сулуулар сынагы, келин, Рыскүл Намазбекова

ЭҢ МААНИЛҮҮ