БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Узаган жекшемби күнү борбор калаада келиндер арасында "Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагы өттү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова билдирди.
Аталган сулуулар сынагы ушуну менен бешинчи ирет өтүп жатат. Бул жолкусунда 24 келин ат салышты. Иш-чаранын 55 жаштагы катышуучусу Чолпон Сакенова экинчи вице-миссис аталды. Ал эми биринчи вице-мисисс титулуна 26 жаштагы Айпери Алмазбекова аттуу келин ээ болду. Баш байгени үч баланын энеси Алтынкыз Казакбаева утуп алган.
"Бул жеңишке жетүү менен ал декабрь айында Филиппинде өтө турган эл аралык "Аалам сулуусу — 2018" сулуулар сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алды", — деди Намазбекова.
Ошондой эле ал таажы ээси 33 жашта экенин жана юрист болуп иштеп жатканын белгиледи.
Өткөн жылы ушул эле сынакта эң сулуу келин наамы Назик Сагынбековага буюрган.